Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Каржы полициясынын мурдагы төрагасы ЭКККМК башчысынын жаңы орун басары тууралуу эмнелерди айтат?

Эркин Бөлөкбаев кызматта Сагынбек Абдылдаев эмнеси менен эсте калгандыгын айтып берди

Кечээ жакында экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү Мамлекеттик кызматынын төрагасына орун басар болуп шайланган Сагынбек Абдылдаев - кесипкөй жана өз милдетин так аткарат. Бул туурасында  Vesti.kg сайтына каржы полициясы Мамлекеттик кызматынын мурдагы төрагасы Эркин Бөлөкбаев ой бөлүшөт.

- Менин билишимче, бул өтө тартиптүү жана катаал адам, - дейт Эркин Касымович. - Мен иштеген учурда Абдылдаев борбордук аппараттын начальниги болчу. Ал жумушка 15-20 мүнөт мурун келип бардык кызматкерлерди тосуп алчу. Кандай ушак-машак сөз болбосун, мен анын кесипкөйлүгүн гана айта алам. Ал өз милдетин эң сонун аткарчу.

Эске салсак, Сагынбек Абдылдаев үстүбүздөгү жылдын 28-сентябрында ЭКККМК башчысына орун басар болуп дайындалды.


Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www
    

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх