Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Улуу Британия өз мыйзамдарын бузган Бакиевдерди мамлекетке бербейт»

Юрист Кыргызстанга качкын Президентти экстрадициялоо маселесинде депутаттар эмне себептен натыйжасыз болуп жаткандыгын тушундурду.

Улуу Британия ушул күнгө чейин мурдагы президент Курманбек Бакиевди жана анын туугандарын экстрадициялабай жатат. Бул тууралуу депутат Эльвира Сурабалдиева билдирди.

«Бакиевдерди өлкөгө кайтарып алуу үчун саясий эрк болуш керек, - деп билдирди эл өкулү, Башкы прокурор Өткурбек Жамшитовго кайрылып жатып. Президенттин бул боюнча позициясы барбы? 8 жыл өттү, эмне себептен ушул күнгө чейин экстрадиция боюнча Макулдашуу иштебей жатат?».

Ал буга карата каршы пикирин айтып, Бириккен падышачылык экстрадициялоодон баш тартып жаткандыгын, ал эми АКШ менен Республиканын зарыл болгон макулдашуусу жок экендигин белгиледи.

«Ушул бойдон эле качып жүрө береби? Келгиле биз жардам берели, - деп Эльвира Сурабалдиева сунуштады. Келгиле биз Улуу Британияга баралы. АКШга баралы. Сиз, төрага, жакында Британияга барасыз. Ошондо маселени көтөрүңуз».

Депутаттын пикиринде, британ тарап бул иштин алдыга жылбай тургандыгына кыргыз өкмөтүнүн аракетсиздиги себеп болууда.

«Британ тарап менен сүйлөшкөндө, алар, бизде «адистердин жоктугун» айтышты, - деди эл өкулу.

Мурдагы Коргоо министри Бакытбек Калыевдин жактоочусу Руслан Долаев Бакиевди Кыргызстанга качандыр бир убакта өткөрүп береринен күмөн санайт. Анын Vesti.kg агенттигине билдиргенине караганда, мындай маселелер жогорку деңгээлде чечилет, бул учурда Улуу Британия Кыргызстанга эч нерсе жасабайт.

- Биринчиден, депутаттар бул кырдаалда эч нерсе кыла алышпайт, - деп түшундүрдү юрист. - Эгерде мамлекеттер ортосунда өткөрүп берүү же укуктук жардам боюнча макулдашуулар бар болсо, анда бардык сүйлөшүүлөр тышкы иштер министрлиги аркылуу жүргузүлөт. Биздин ТИМ чет элдик кесиптештирине Бакиевдердин күнөөсү бар экендигин далилдеген документтерди жибериши керек. Экинчиден, Улуу Британия аларга акча берип жаткан алдамчыларды бербейт. Үчунчүдөн, Кыргызстанга ишенбейт.

- Өз мыйзамын бузуп жаткан мамлекетке ким ишенет? Кыргызстанда эгерде адам соттон же тергөөдөн качып, жашынган кишини сыртынан кесүүгө болот. Бакиевдерди дагы ушул негизде кайтарууну талап кылып жатышат. Бирок, иштин баары алар кылмыш иши козголо электе качып кеткендигинде болуп жатпайбы. Ошондуктан кандай гана болбосун айыптоодо мындай мыйзам бузуу бар. Ошондуктан бизге ишенбейт,- деген пикири менен бөлүштү юрист.

Ольга Федорчук
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх