Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Феликс Кулов: Азырынча эч кайсы партия менен шайлоого барайын деген ниетим жок

Мурунку өкмөт башчы өз алдынча билим алуу менен алектенип, жаш муундарды даярдап жатат

«Ар-Намыс» парламенттик фракциясынын мурдагы лидери Феликс Куловдун алдыда боло турган шайлоого барууга ниеттенбейт. Бул тууралуу  Vesti.kg сайтына саясатчы өзү айтып берди.

- Эч кайсы партия менен шайлоого барууга азырынча ниетим жок, - деп тактады ал. - Менин алдымда жаш муундарды даярдоо тапшырмасы турат. Аларды келе турган шайлоого катыштырам. Мен эч жок дегенде жарым жылга депутат болуп келсем болмок, бирок менин башка максатым бар.

Феликс Шаршенбаевич өз алдынча билим алуу менен алектенип жатат, мурда буга убактысы жок болгондугун белгилей кетти.

- Мен жаштардын менин кетирген катамды кетирбөөсүнө шарт түзүп берем, өзүмдүн болсо дүйнөгө болгон көз карашым өзгөрдү, - дейт ал. Мени кызыктырган нерсе базар экономикасына байланыштуу нерселер, кырдаалдан кантип чыгуу сыяктуу ойлор түйшөлтөт. Биз бир эле учурда ЕАЭБде жана ДСУ турабыз, ошонун айынан кээ бир көйгөйлөр жаралып жатат. Менин кесибим - бул туруктуулукту сактоо, бир гана криминалдар менен күрөшпөй, экономикалык туруктуулукту да сактоо дегенди түшүндүрөт.

Кулов улуттук коопсуздук министри болуп тургандаУлуттук илимдер академиясынын алдында экономикалык коопсуздук институтун түзүүнү демилгелегендигин эскертти.

- Мен кызматтан кетээрим менен аны жоюп салышты, ал институт үчүн гранттарды издеп жаткан болчук, - деп эскерет ал. - Менин экономиканы кантип өнүктүрүү тууралуу белгилүү бир көз карашым бар.

Вероника Малышева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх