Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кореядагы биздин мамлекеттик кызматкерлердин жаңы кылыктары

Элчилик Кыргызстандын мамлекеттик органдарына талапкерлерди жакшылап тандап алууга чакырат, алар биздин чет мамлекетте кызыкчылыгыбызды коргошу керек

Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы элчилиги КР мамлекеттик органдарда иштеген кээ бир жарандарынын кызматтык абалынан ашыра пайдалангандарына көңүл бурат, анткени алар биздин өлкөнүн кадыр баркын түшүрүп жатышат.

Тактап айтканда, ушул жылдын июнь айында Сеулда эл аралык «Import Goods Fair» көрсөтмөсү болду. Анын уюштуруучулары Корея импортчуларынын бирикмеси Кореянын соода, өнөр жай жана энергетика Министрлигинин жардамы менен өткөрүштү. Ал иш чарага Кореянын эл аралык соода боюнча бирикмеси да катышты.

Мындай иш чараларда корей импортчулары жоолугушат, компаниялар жана чекене сатып алуучулар аркылуу корей базарына чыгышат. Кыргыз Республикасынан жергиликтүү өндүрүмдөрдү өндүрүүчү бир нече компаниялар катышты. Алардын арасында «Кыргыз Республикасынын курорт бирикмеси» Кыргыз Республикасынын маалымат, туризм жана маданият Министрлигинин сунушу менен катышты. Ал эми «Курорт бирикмесинин» атынан Элгиз Рысалиев жана Бекжан Мирбековдор Мирлан Усубалиевдин жетекчилиги астында катышмак.

Ушул себептен Кыргыз Республикасынын Корея республикасындагы элчиси аталган жарандарга виза жагынан жардам көрсөткөн. Бирок тилекке каршы Рысалиев менен Мирбеков Кореянын миграциялык мыйзамын бузуп Кыргызстанга кайра кетпей коюшкан. Булардын мындай кадамдары Корея Республикасы тарабынан биздин мамлекеттик кызматкерлерге болгон ишенимсиздикти пайда кылды.

Белгилей кетүүчү нерсе, бул биринчи эле жолу эмес. Келип алышып Кореянын мыйзамдарын сыйлабай, биздин мамлекеттин кадыр баркын түшүрүп жатышат.
Жогоруда айтылган окуялардан улам элчилик Кыргыз Республикасында мамлекеттик кызматтарга тыкыр иликтеп ишке алууну сунуш кылат. Анткени алар Корея Республикасында биздин кызыкчылыгыбызды коргошу керек.

Кыргызстандын Түштүк Кореядагы Элчилиги
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх