Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жээнбеков мемге таарынбай, кайра күлдү. Эми Башпрокуратура эмне деп жооп берээр экен?

Башкы көзөмөл органындагылар президент тууралуу  тамашалуу сүрөттүн автору менен эмнеге сүйлөшүү жүргүзүшкөндүгүн түшүндүрүштү

Башпрокуратуранын кызматкерлери президент Сооронбай Жээнбеков эс алууда жүргөнү тууралуу тамаша сүрөттүн авторун маектешүүгө чакырууга милдеттүү болушкан.  Бул тууралуу Vesti.kg сайтына КР БП коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн начальниги Наргиза Кубатова билдирди.

- Кеп биздин ал нерсеге болгон көз карашыбызда эмес, бизге улуттук коопсуздук комитетинен арыз келип түштү, - деп түшүндүрдү. - Адегенде нааразы болгон жаран кайрылган ал жакка. мыйзам боюнча бизге түшкөн арызды карашыбыз керек. Ал адамды чакырып тактап коюшубуз керек.

Бир нече ай мурун президент Сооронбай Жээнбековдун маалымат кызматы мамлекет башчынын эс алууда жүргөн сүрөтүн жарыя кылган. Ал сүрөттөн графикалык дизайнер Никита Тарасенко комикс жасаган, сүрөттө Жээнбеков туристтик сезондогу жээктин ээндигине таң калган.

Бир нече күн мурун аны Башпрокуратурага чакырып, түшүнүк кат алышкан.

Президенттин маалымат катчысы Толгонай Стамалиева Сооронбай Жээнбеков сүрөткө да, Тарасенкого да эч кандай күнөө койбогондугун айтты.

«Бул мем тууралуу президент бардык соц тармактын окурмандары катары эле таанышты. Бул карикатура сүрөт аны күлдүрдү, - дейт ал. Биз бул иш тууралуу Башпрокуратура текшерүү жүргүзбөгөндө эстебейт да болчубуз. Биз үчүн прокуратуранын иши жагымсыз жаңылык болду».

Ольга Федорчук
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх