Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкек мэри кыргыз тилинен экзаменди кайра тапшыруу сунушунан баш тартты

Ордо калаанын муниципалитети БШКнын сунушун аткарууга юридикалык негиз жок деп түшүндүрүштү

Бишкек мэри Азиз Суракматов кыргыз тилинен экзаменди кайра тапшыруудан баш тартты. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына борбор шаардык мэриянын аппарат башчысы Балбак Түлөбаев билдирди.

- Мэриянын юридикалык бөлүмү кыргыз тилинен экзаменди кайра тапшырууга юридикалык негиз жок деп корутунду чыгарды. БШК сунуш гана кылды, - деп маалымат берди ал.

Эске салсак, мурдараак Vesti.kg сайтына Канышай Мамыркулава БШКга арыз менен кайрылып, Бишкек жана Ош мэрлери мамлекеттик тилден экзаменди «Кыргызтест» системасы боюнча тапшыруу маселесин койгондугун билдиришкен эле.


Бул факт боюнча Боршайком Азиз Суракматовго кыргыз тилинен экзаменди кайра «Кыргызтест» системасы менен тапшырууну сунуштаган чечим чыгарган.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www


Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх