Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын укугун коргоо багытында бир нече мыйзамдар өзгөрүүгө тийиш

Бул багытта Бишкекте атайын тегерек стол уюштурулуп, анда майыптардын маселелери талкууланды

Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын ишке орношуусу, ден-соолугуна кам көрүүсү жана алардын укугун коргоо маселелерине байланышкан көйгөйлөрдү чечүү максатында Кыргыз Республикасынын бир топ мыйзамдарына өзгөртүүлөр менен катар толуктоолор да киргизилиши күтүлүүдө.

Майып жарандардын укугун коргогон Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине, «Ден-соолук жактан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын укугу жана кепилдиктер» мыйзамына, «Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү» деген Кыргыз Республикасынын мыйзамына, «Дене тарбия жана спорт», «Туризм жөнүндөгү» КРнын мыйзамына жана «Билим берүү жөнүндөгү» мыйзамдарга өзгөртүүлөр менен кошумчаларды киргизүү боюнча кызуу талаш-тартыш жаралды.



Коомдук угууларга ден-соолугу жактан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар жана алардын үй-бүлөлөрү,министрликтер менен мамлекеттик органдардан келишип, киргизилчү өзгөртүүлөр боюнча өз ойлорун ортого салышты.

Эмгек орундарына квота берүү,ишке орноштуруу боюнча маалымат базасын түзүү жана да майыптардын андан ары иш таап кетүүсү, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын билим алуусуна тиешелүү маселелер кызуу талкууну жаратты.

«Ден-соолугу жактан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын укугу жана кепилдиктер жөнүндөгү» мыйзамы менен Эмгек кодексиндеги майыптар жөнүндөгү беренелер учурдун талабына жооп бербегендиги айтылды. Мыйзамдагы иштебеген беренелер кайрадан карап чыгышы зарыл экендиги белгиленди. Өзгөчө майып жарандардын ишке орношуусунда Эмгек кодексинин бардык  беренелери бузулгандыгун айтышты.
Коомдук угуулардын жыйынтыгында Өкмөткө жана өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарына майып жарандардын инфраструктурага жетүүсүн жана аны тоскоолсуз пайдаланышын камсыз кылган кеңеш түзүү сунушу айтылды.Андан сырткары, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар жөнүндөгү бардык маалыматтар камтылган электрондук маалымат базасын түзүүнү милдеттендирүү сунушталды.

Акылай Рахматулла

Фото www
 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх