Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жаңжалдуу Зууракан Каденовадан Апрель баатыры деген наамды алып салууну талап кылышууда

Өлкөнүн чуулгандуу окуясынын катышуучулары татыктуу эмес чиновник аялды бул наамдын кадырын кетирип жатат деп эсептешет

Мурдагы эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басарынын апрель баатыры деген наамын алып салууну ушул эле наамдын ээси, коомдук ишмер, эксперт Расул Үмбөталиев талап кылды.

Буга негиз болуп чиновник аялдын жакында эле болгон окуясы эсептелет. Каденованын Сеул-Алматы сапарындагы учакта алкоголдук ичимдиктин айынан бортто жаңжал салгандыгы ММКда катуу талкуу болгон.

Эгерде депутат Аида Исмаилованын посту чыкпаганда жарандар бул окуя тууралуу билмек да эмес деп эсептейт Үмбөталиев.

«Жоопкерчиликти сезбеген жана айбан сымал мамлекеттик чиновниктердин акыл эске сыйбаган жоруктары ачыкка чыкты. ТИМ жан ЭСӨМ деги мамлекеттик, элчилик жана адеп ахлактык этиканы бузуп жүрүшкөн адам түспөлүндөгү мал чиновниктердин бир тобунун бети ачылды», - деп билдирди ал.

Коомдук ишмердин пикири боюнча, кызматтан бошотуу жумшак жаза болуп калат алар үчүн. Мурунку министрдин орун басарынан элчилик паспортту алып жана кылмыш жаза кодексинин «Бейбаштык» жана «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренелери менен иш козгоп, үч жылга чейин мамлекеттик кызматка иштөөгө акысы жок кылыш керек болчу дейт ал.

«Ал «Апрель Элдик Революциясынын баатыфры» төш белгисинин ээси», - дейт Расул Үмбөталиев.  

- Бул аял үч баланын энеси, өзүнүн бейбаш, адепсиз жүрүш-турушу менен апрель баатырларынын арбактарын нааразы кылып жатат.

Ал Каденованын бул төш белгини кайсы көрсөткөн эрдиги үчүн алгандыгын эч ким билбейт. Бирок бул наамды Каденовадан алып салууга бардык апрель окуясынын катышуучулары макул болот деп ишенимдүү айтты ал.

«Президент Сооронбай Жээнбеков өзүнүн жарлыгы менен Зууракан Каденованы бул наамдан ажыратууга тийиш», - деп эсептейт коомдук ишмер.  
«Мекен шейиттери» коомдук бирикменин төрагасы Осунбек Жамансариев мас болуп жаңжал салган киши ал төш белгиге татыктуу эмес деп эсептей.  Бирок ал  Vesti.kg сайтына берген маегинде адегенде Каденованын ичкендигин далилдөө керек деди.

- Ал өзү айтып жатпайбы, мен дары чкенмин деп, - дейт активист. - Ошондуктан шашуунун кажети жок.  

Ал эми Апрель төңкөрүшүнүн дагы бир катышуучусу Токтайым Үмөталиева болсо жазалоо иштери баары тыкыр иликтенип бүткөн соң гана болушу керек деп эсептейт.

- Балким ал аял чынында эле кыйналгандыр, деп боолголойт ал  Vesti.kg менен болгон маегинде. - Анын үстүнө бир мас үчүн бардык учакты бир саат кармап жатышат. Мен мас болгон адамды учактан түшүрүп салган учурду бир да жолу көргөн эмесмин. Эгерде коомдук тартипти бузган болсо башка кеп эле.

Укук коргоочу Апрель баатырынын төш белгиси капкачан баасы кеткен дейт. Толуп жаткан адамдар аны менен ар кандай жеңилдиктерди алып жүрүшөт, - дейт Үмөталиева.

- Чыныгы баатырлар 40-50 чакты эле, төш белгилер болсо 10 миңдеп саналат, - дейт ал. - Алардын да алгачкылары «Ата-Бейитте» жатат. Биз ал окуянын катышуучусу катары билебиз аны. Ал эми тирүү жүргөндөрү болсо сыйлык сурабайт. Мен бир үй бүлөнү билем, алардын бешөө баатыр болуп алышкан, чоң энесин да кошуп алышкан. Мен бир канча жолу айткам жеңилдикке деген каражаттарды өзгөчө иликтөөгө алгыла деп.

Ольга Федорчук
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх