Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Парламенттик ассамблеясынын күзүндөгү жыйыны Бишкекте расмий түрдө ачылды

Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Парламенттик ассамблеясы өлкөлөр ортосундагы парламенттик байланыштар үчүн маанилүү аянт катары кызмат кылат

Ала-Арча мамлекеттик резиденциясында Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Парламенттик ассамблеясынын (ЕККУ ПА) биринчи жыйынынын ачылыш аземи болду.

Жыйынга Кыргыз республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков, ЕККУ ПАнын төрагасы Георгий Церетели катышты.

Бишкекте өз ишин баштаган ЕККУ ПАнын күзгү жыйынына Европа, Азия, Америка континенттериндеги 46 мамлекеттен 150 дөн ашуун парламентарийлер келишкен. ЕККУ ПАнын төрагасы Георгий Церетели мырза күзгү жыйынды ачуу аземинде, эл аралык бул иш-чараны уюштурган Кыргыз Республикасынын жетекчилигине терең ыраазычылык билдирип, 2017-жылдагы президенттик шайлоого байкоочу катары келгенин эскерди. Ошондой эле, дүйнө жүзүндөгү маалыматтык согуш, миграция, коопсуздук жана улутчулдук маселелери курч абалда экендигин белгилеп, бул багытта ЕККУ ПАнын ортосундагы тыгыз байланыш жана ыкчам аракеттер керек экендигин айтты. Георгий Церетели мырзанын айтымында түрдүү чыр-чатактар чыгып жаткан аймактардагы жаңжалды дипломатиялык жол менен гана чечип, тынчтыкты орнотуу керек.

 

Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Парламенттик ассамблеясы, бул эл аралык уюмга кирген өлкөлөр ортосундагы парламенттик байланыштар үчүн маанилүү аянт катары кызмат кылат. Анын алкагындагы өлкөлөрдүн шайлоо процесстерине байкоо салынып, саясат, экономика, коопсуздук, адам укугу жана айлана-чөйрө тармактарындагы эл аралык милдеттенмелердин аткарылышы боюнча  кызматташтыкты бекемдейт.

Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Парламенттик ассамблеясынын күзгү жыйыны Бишкекте 3-октябрдан 6-октябрга чейин түрдүү иш-чаралар менен коштолуп өткөрүлмөкчү.

Акылай Рахматулла    
Сүрөт www


Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх