Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Парламенттик Ассамблеянын кеңири курамдагы чоң конференциясы өз ишин баштады

ЕККУ ПАнын экинчи күнү Бишкекте уланып, анда Борбор Азиядагы жана андан тышкаркы аймактардагы коопсуздук маселеси талкууланды

Кеңири курамда өтүп жаткан парламенттик чоң конференция “Борбордук Азиядагы жана андан сырткаркы аймактардагы коопсуздук маселеси боюнча сүйлөшүүлөргө көмөк көрсөтүү” темасында жүрүүдө. Жайылтылган конференцияны ЕККУ ПА төрагасынын орун басары Кари Хенриксен айым алып барууда. Кыргызстан,Казакстан жана Тажикстанда иштеген Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун ишмердиги туурасында сөз болуп, ар бир өлкөдө жүргүзүлгөн иш-аракеттер боюнча адистер тажрыйбалары менен бөлүшүп, сунуштар айтылды.

 “Ишеним арттыруу менен аймактык кызматташтык аркылуу чегарага жакын райондордогу коркунучтар менен жаңы чакырыктарга каршы күрөшүү” темасында өткөн биринчи сессияда заманбап чакырыктар жана коркунучтар менен күрөшүүдө аймактык кызматташуу чоң мааниге ээ экендиги айтылды.

Бүгүн түштөн кийин “Жер ортолук деңиз форуму Борбор Азия жана Жер ортолук геосаясаты: миграция, соода жана айлана-чөйрө көйгөйлөрүн чечүү” темасындагы экинчи сессия болушу күтүлүүдө.

Акылай Рахматулла
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх