Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жогорку Кеңештин депутаты: Мамлекеттик байланыш комитетинин башчысы кылмыш ишине кириптер. Мен муну далилдеп берем жана президентке кайрылам

Чиновник жалаа жапкандыгы үчүн эл өкүлүн сотко берем деп жатат

Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков Мамлекеттик байланыш комитетинин башчысы Бактыбек Шаршембиевдин кылмыш ишине тийешеси бар, мен аны далилдеп берем дегенин улантып жатат.  Бул тууралуу Vesti.kg сайтына депутат өзү билдирди.

- Мага демектен арбитраждык сотко арыздансын, - дейт Момбеков. - Менде тастыктоочу документтер бар. Мен аларды жакында президенттин жана премьер-министрдин алдына коюп чара колдонуп, кызматынан алгыла деймин.

Эл өкүлүнүн маалыматы боюнча, Бактыбек Шаршембиев 8 кылмыш ишине катышы бар.

Ал ортодо Мамлекеттик байланыш комитетинин башчысы Бактыбек Шаршембиев ММКларга Момбековду сотко берем деп чыкты. Ал Момбековдун айткандары карандай калп, мен эч кандай кылмыш ишине аралашкан эмесмин деп, депутаттын маалыматтарынын баарын четке какты. Анын сөзү боюнча ал эки гана ишке көрсөтмө бере алат, ал да күбө катары эле.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх