Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Мамлекеттик авиакомпанияны сатуу - темир жолду же автожолду сатып жиберген менен барабар»

Эксперттер депутаттын  «Эйр Кыргызстанды» кытай инвесторлоруна берели деген сунушун сынга алышты

«Эйр Кыргызстан» мамлекеттик компаниясына инвестор табуу чечими мурда эле кабыл алынган. Бул туурасында  Vesti.kg сайтына Кыргызстан авиаторлор уюмунун төрагасы Каныбек Калмурзаев билдирди.

- Баарыбыз күткөндөй эле, мамлекеттик компанияга мамлекет тарабынан колдоо жок жана анын акциясынын 49% алуучуларга өткөрүлүп берилет. Ал эми инвесторлор иштешүүнү каалабай жатышат эч кимиси, - деп белгиледи ал. - Мурда бул маселе тууралуу сөз болгондо, кытай тарап көзөмөлдөөчү акциялардын пакетин сурашкан. Бирок Кыргызстанда 51 % акцияга мамлекет ээ болушу керек деген мыйзам күчүндө. Манас аэропортунун «Эйр Кей Джи» деген жардамчы ишканасы бар. Ошого Эйр Кыргызстанды кошуп салуу сунушу болгон. Эйр Кыргызстандын болсо оңбогондой карызы бар, анысы менен эч кайсы инвестор аны албайт.
Каныбек Калмурзаевич мамлекет авиацияга көңүл буруп жок дегенде учактарды лизингге алууга жардам кылуусу керектигин кошумчалады.

- Азырынча өкмөт тараптан бир да жооп жок, - дейт ал. -  «Эйр Кыргызстан» эң оор балда болчу, андан эптеп чыгып алды. Бул баягы советтик учактарды колдонууга тыюу салганда болгон окуя. Ошол убакта компания учактарды лизингге алууга аргасыз болгон эле. Азыр аэропортто ар бир жүргүнчүдөн 15 доллардан топтомой бар. Эгер ошонун 5 эле доллары компанияга калганда ушул акыбал болбойт болчу.

Түшүндүрө кетели, депутат Адыл Жунус уулу мамлекеттик  «Эйр Кыргызстан» авиакомпаниясын кытай инвесторлоруна берели деген сунуш менен чыкты.

« «Эйр Кыргызстандын» коопсуз учагы жок. Эгерде кытайларга берсек, алар 3-5 жылдын ичинде 12 учак алып келет деген сөз бар. Эң жакшы болду деген 2012-жылы  «Эйр Кыргызстан» 35 миллион сом иштеп тапты. Бул  «Эйр Кыргызстан» үчүн шермендечилик», - деген депутаттын сөздөрүн ММК басып чыгышты.  

Өз кезегинде көз карандысыз эксперт Максат Чакиев стратегиялык обьектти сатуу кеңкелестик деп эсептейт.

- Ар бир мамлекеттин өзүнүн компаниясы болуусу керек, ал жүргүнчүлөрдү ташып, жана стратегиялык багыттагы иштерди аткарышы зарыл, - деп  Vesti.kg сайтына түшүндүрдү. - Өзгөчө кырдаалдар учурунда кудум ушул мамлекеттик компаниялар ишке тартылат. Ал эми жеке компаниялар атасынын кунун сурайт андай учурда. Чамасы Кыргызстандын  «Эйр Кыргызстанга» бере турган акчасы жок окшойт, бирок бул аны сатабыз дегенге жатпайт да. Бул автожолду же темир жолду сатып жиберген менен барабар иш болот. Жок дегенде көзөмөлдөөчү акциялардын пакети Кыргызстанда болушу керек.

Вероника Малышева
Сүрөт www
    

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх