Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кытайлык туристтерге визаны алып салуу Кыргызстан үчүн жакшыбы же жаманбы?

Эксперттер эл өкүлдөрүнүн бул демилгесине жакшы эле карашты. Бирок, кантсе да андай болбойт көрүнөт...

ЖК депутаттары Ктыайдан келген туристтерге визасыз режим киргизгени калышты. Мындай сунушту бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Махабат Мавлянова кылды.

- Баарынан мурда, Кыргызстандын экономикалык дарамети кытай туристтеринин эсебинен көтөрүлөт, - дейт саясат таануучу жана көз карандысыз эксперт Марс сариев  Vesti.kg сайты менен болгон маегинде. - Бул биздин ИДПдан көрүнүп турат.

Ошону менен эле бирге Сариев кытай туристтеринин Кыргызстанда болушу өлкөнүн коопсуздугу үчүн коркунучутуу экендигин жа айтып кетти.

- Мен Кытай менен болчу визасыз режимге жакшы эле көз краштамын, - деп белгилейт Сариев. - Анткени менен биздин коңшуларга бул жакка өтүп келип, биздин паспортту алып, бул жерде калып калууга шарт түзүлүп калат. Бул учурда өлкөнүн коопсузудугуна коркунуч келет. Бирок менин оюмча бул маселени чечсе болот.

Саясат таануучу биздин республика Батыштын да, Чыгыштын да туристтерин өзгөчө шарттары менен өзүнө тартат.  
- Визасыз режим көптөгөн элдердин агымын алып келмек, - деп улантат ал. - Туризм - Кыргызстандын бюджетке киреше бере турган булактарынын бири болуп эсептелет. Керек болсо алтын кендерди да экинчи орунша коюп койсо болот. Орто Азияда табигый-климаттык шарттары боюнча Кыргызстанга тең келе турган өлкө жок. Бизде түбөлүк тоңдордон баштап, субтропикке чейин бар. Мен көптөгөн өлкөлөрдө бодум, бирок Кыргызстандай өлкөнү көргөнүм жок.

Ал эми дагы бир саясат таануучу Денис Бердаков болсо  Vesti.kg сайтына башкача пикирин билдирди.

- Мен бул билдирүүгө жакшы эле карайм, эгерде сөз Кытай туристтери тууралуу болуп жаткан болсо, - дейт ал. - Бул багыттта биздин өлкөнүн дарамети аябагандай чоң. Мен кытай туристтеринин бул жерде калып калышына көзүм жетпейт. ал эми бул жерде иштеп жаткан кытайлар болсо мамлекеттин келишими астында гана иштешет.
Андан сырткары, Бердаков кытай туристтеринин артынан аңчылык кылуу керектигин керектигин айтат.

- Кытай туристтерин бул жерге келип 1000-2000 доллар коротуп кетиши үчүн арага аңчылык кылуу керек - дейт эксперт. - Бул экономикабыздын өсүшүнө чоң секирик болмок. Мен КЭРде болдум быйыл. Ал жактын жашоо деңгээли бир кыйла жогоругун айта алам. Болжол менен 350 млн. кытай жараны катардагы немис жаранына караганда бай жашайт.
 
Ошондой эле ал кытай туристинин европалык туристтен пайдалуулугу менен кескин айырмаланаарына көңүл бурду.

- Кытай туристи акчалуу болот, ал таза , табигый тамактарды жегиси келет. Таза аба, таза суу, Ысык-Көл сыяктуу нерселер анын өлкөсүндө жок. Эгер кызыктырып койсок, алар үйүр-тобу менен келишет бизге. Кытайлыктар европалыктарчылап тоого кызыгышпайт, аларга меймандостук, анан жакшы туристтик жайлар керек.

Эксперттин айтымында биздин өлкө Хайнанга атаандаша алат. Ал үчүн бай кытайларды тартуу абзел.

Медина Купсулдаева
Сүрөт www


Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх