Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Министрлер жана орун басарлары өздөрүн жол тандабастар менен тосуп алып, кымбат ресторандардан тамак жедиргиле деп талап кылышабы?

Өмөттүн бир мүчөсү аны аймактарда кантип тосуп алышаарын айтып берди

Кыргызстандагы министрлер менен орун басарлары иш сапары учурунда жергиликтүү бийликтен өздөрүн өзгөчө кадырлап, шаң-салтанат менен тосуп алууну талап кылышат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Тынчтык Шайназаров айтып чыкты.

Анын айтымында, өкмөттүн мүчөлөрү өздөрүн жакшы тамактандырып, жол тандабастар менен тосуп алууну суранышат.
- Мен мамлекеттик кызматкердин этикасына кайрылгым келет, - дейт эл өкүлү. - Көрсө, чиновниктердин талабы боюнча, жакында эле Ош облусуна учканда аларды жол тандабастар менен тосуп алышкан. «Волга» же «Жигули» болбойт экен. Кадырлуу меймандарды тосуп алуу үчүн бийликтегилер ЗАГСка барып машиналарды арендага алышкан. Анан аларды кымбат ресторандарда сыйлоо керек. Бирок биздин баарыбызда ошондой каражат барбы? Жыйынтыгында алар баары карызга жешет да, меймандар кеткен соң айлыктын эсебинен кутулушат.

Экономика министри Олег Панкратов өз кезегинде эл өкүлүнүн сөзүн четке какты. Vesti.kg сайты менен болгон маегинде ал жумуш сапарын жупуну гана мүнөздө өткөрөөрүн белгилеп кетти.

- Мен демейде кызматтык автоунаам менен барам, - деди ал. - Эч кандай тосуп алууларды уюштурган эмесмин. Балким башка министрлер ошентсе ошенткендир.  Андан сырткары менен орун басарларымдын дарегине айтылган нааразы сөздөрдү да кулагым чалган жок.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www


Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх