Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Айыл чарба министрлигин жоюну сунуш кылышты. эксперттер айран таң калышты бул сунушка

Алтынбек Сулаймановдун бул демилгеси адистердин арасынан колдоо тапкан жок

Айыл чарба министрлиги Кыргызстанга керек эмес. Мындай деген пикирин Vesti.kg сайтына айыл чарба жаатынын эксперти Улан Адамалиев билдирди.

- 30% республиканын тургундары айыл чарба өндүрүмүн өндүрүшөт, бул биздин экономикабыздын негизин түзөт, - дейт Адамалиев.

Ошону менен эле бирге эксперт айыл чарба Министрлигинде реформа болушу керектигин айтат.

- Айыл чарба Министрлиги ар бир эле өлкө үчүн маанилүү, - деп улайт ал кебин. - Бирок ал мындай кейпинде пайдасыз болот. көп адамдар айыл чарба министрлигин келечеги жок, ишинин дайыны жок деп сындап жатышат. Демек ишинен майнап чыкпай жатат. Бирок, адегенде жойгондон мурун ушул суроону министрдин өзүнө берип көрүш керек.

Адистин ою боюнча депутаттар парламентте отургандыгынан пайдаланышып оозуна келгенди  оттоп жатышат.
- Депутаттар сынды коюп, адегенде айыл чарбасын жойгондон кийин анын ордуна Кыргызстандын экономикасына пайдалуу структураны сунуш кылышсын, - деп тактады Адамалиев. - Сындоо дайыма жеңил. азыр биздин депутаттар таптакыр жазага тартылбайт. Алар өздөрү чечим чыгарып министр шайлашат да, кайра сындап отуруп түшүрүп салышат. Бирок алар эч кандай жоопкерчилик тартпайт.

Мурдагы айыл чарба министри Карыпбек Асанов Алтынбек Сулаймановдун бул демилгесин колдогон жок.
- Мен бул мекемени жойгонго караманча каршымын, - дейт ал Vesti.kg сайтына. - Андай болсо Кыргызстандын айыл чарбасын ким башкарат?
Баары кароосуз калат. Бүгүнкү күндө бул орган 16 мурунку советтик министрликтин жана мекеменин кызматын аткарып отурат. Бизди ушунчалык кысканына байланыштуу  жакшыраак адистер да калбай калды азыр. Айыл чарба министрлиги азыр кароосуз калды.

Түшүндүрө кетели, бүгүн Жогорку Кеңештин пленардык жыйынында Алтынбек Сулайманов айыл чарба Министрлигин жоёлу деген демилге көтөрдү. Ал өз сунушуна аргументтерди келтирип, элдер өздөрү урук алып, өздөрү окуусуз эле эгип өстүрүп жатышкандыктарын айтты. ал эми министрлик болсо анын айтымында элге бир гана жолтоо болуп жатыптыр.

Медина Купсулдаева
Сүрөт www


 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх