Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

КСДПнын депутатына эл аралык издөө салынат

Тынай Жансейитовго карата «Өлтүрүүгө аракет кылуу» беренеси менен кылмыш иши козголду

Токмок шаар кеңешинин депутаты Тынай Жансейитов айылдашын бычактаганга айыпталып, эл аралык издөө салынды. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Чүй облусунун ШИИБнүн маалымат кызматы билдирди.

- Учурда ыкчам-иликтөө иш чаралары көрүлүп, анын кайда жүргөндүгү текшерилип жатат, - деп айтышты милициядан. Андан сырткары, эл аралык издөө салууга документтер даярдалууда.

Эске салсак, окуя 26-августта болгон Издөөдө жүргөн Жансейитов мал базарда айылдашын бычактаган.

Жабырлануучудан арыз келип түшкөн жок. Буга карабастан факт боюнча кылмыш иши козголду.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх