Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Экс-вице-премьер өкмөт эмне үчүн чегарадагы маселени чечпей жаткандыгына түшүнбөй турат

Жогорку Кеңеште чегарадагы жаңжалдын себептерин айтышты

Чегарадагы жаңжалдын көпчүлүгү такталбаган аймактардан чыгып жатат. Мындай деген оюн  Vesti.kg сайтына коопсуздук боюнча  экс-вице-премьер Абдрахман Маматалиев билдирди.

- Жаңжалдын баары Өзбекстан менен болгон чегарадан чыгып жатат, - деп тактады ал. - Өзбекстан менен 970 километр чек ара делимитацияланды, дагы 60 километри такталды. Бирок ага карата чечимди дагы эле кабыл алыша элек. 2015-жылга чейин чегарачылар ортосунда жаңжалдар көп чыгып жатты. Акыркы убактарда кырдаал бир аз жөнгө салынгансып калды. Өкмөт акыркы эки жылда эмнеге бул ишти токтотуп койгондугу күдүк ойго салат, өзгөчө Тажикстан менен болгон чегарада.

Түшүндүрө кетели, ЕККУ парламенттик ассамблеясында Бакыт Төрөбаев чек арадагы жаңжалдын башаты такталбаган аймактардын айынан болуп жатат деп билдирди.

« Мамлекеттик чек арадагы окуялар жана жаңжалдуу кырдаалдар жагдайды курчутуп, эки элдин ортосундагы мамилени бузат. Бийлик органдарынын кадырына  доо кетирет », - деп аяктады ал.  

Вероника Малышева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх