Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Коопсуз шаар» долбоору боюнча конкурска катышып, утулуп калган «БИС» компаниясы комиссиянын чечими тууралуу расмий кабыл ала электе эле билишкенби?

Компаниянын келтирген далилдери комиссиянын «Коопсуз шаар» долбоорун жокко чыгарган чечимине дал келип калышы кокустукпу

4-октябрда өткөн маалымат жыйынында, «БИС» компаниясы  бул долбоорду жокко чыгарууга негиз боло турган бир нече далилдерди келтиришти. Андай далилдердин бири «Вега» АК Концернинин ЖЧК «Спецпроектмонтаж» менен түзүлгөн буйрутманы аткаруучу жалпы жонунан 10 миллион долларга баалана турган келишимдин жоктугу. Комиссиянын чечими коммчулуктун кыжырына тийгендиги эч кимге деле жашыруун эмес. Бирок, «Коопсуз шаар» долбоору боюнча конкурстун жыйынтыгын жокко чыгарууда  «Веганын» өзүнүн өкүлдөрүн да уктурууга чакырышкан жок. 

Орусиялык «БИС» компаниясы менен комиссиянын ортосунда байланыш барбы же жокпу белгисиз. Бирок БИСтин далилдери комиссиянын конкурстун жыйынтыгы тууралуу чечимине дал келип калды.

Ушул жерден комиссиянын көз каранды эместиги тууралуу суроо туулат. Комиссиянын курамы эч кандай мамлекеттик сатып алуу менен байланышпаган жана маалыматтык технологиядан кабары жоктордон куралган. «Коопсуз шаар» тууралуу алардын эч кимисинин адистиги жок болсо, аларды кадыр барктуу деп атай алабызбы?

Кырдаал бир кылка эмес болуп жатат. Азыркы күндө бирин бири жокко чыгарган эки корутунду турат.

Бири аудиттин корутундусу, ага ылайык мекемелер аралык 30 адамдан турган комиссия конкурсту жакшы болду деп таанышты. Баары талапка жооп берет дешет. Ал эми экончи корутунду болсо, 3 кишиден турган комиссия - конкурстун чечимин жокко чыгарат.

Ал ортодо көз карандысыз комиссияРФ Ульяновск облусунун жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө Мамлекеттик Башкармасынын начальниги тарабынан берилген   «БИС» компаниясы сунушуна жаман деле баа берген жок.

Эске салсак, Vesti.kg сайтына орусиялык «БИС» компаниясын Кыргызстандын ИИМ кызматкерлеринин колдоосу тууралуу билдиришкен эел.

Мунун арты эмне болоору белгисиз. Бирок, көз каранды эмес деген комиссиядан көйгөй чыгат өңдөнүп калды.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх