Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Сотто бир үй бүлөнүн бир нече мүчөсү иштеши мүмкүн»

Мурунку сот кызматкери Кыргызстанда таанышы бар адам укук коргоо органына ишке кирип жатып артыкчылыкка ээ болоорун айтат

Сот кызматкерлигине талапкерлердин арасынан тааныштары барлар башкаларга караганда баары бир артыкчылыкка ээ дейт Vesti.kg сайтына Конституциялык палатанын мурунку соту Клара Сооронкулова.

- Биздин өлкөдө сот системасында атасы, баласы жана апасы болуп бир системада иштеген учурлар көп, - дейт ал. - Мен сотто иштеп жүрүп бир нече муун бир үй бүлөдөн сотто иштегендерге күбө болдум.

Клара Сыргакбековнанын ою боюнча, талапкердин каалаган кызматка барышы үчүн анын мүмкүнчүлүктөрү калыс бааланбайт.

- Соттун балдары, прокурорлор жана башка жогорку даражалуу кишилердин балдарына кызматка орношууга бир канча элен жеңилдиктер болот, - деп белгиледи ал. - Бүгүнкү система кадрларды калыс баалаганга мүмкүнчүлүк бербейт, өз күчүң менен бир нерсеге жетишүү өтө кыйын. Баары эле тегиз деп айткандан алысмын, бирок андай учурлар өтө көп.

Мурунку сот кызматкери жакында кабыл алынган мыйзам тууралуу пикирин билдире кетти.

- Ушул жылдын жайында кызыкчылыктардын каршылыктары тууралуу мыйзам кабыл алынды, ачыгын айтканда ал өтө эле чийки болуп калды, - дейт Сооронкулова. - Аны кабыл алгандар ал мыйзамдын негизги маанисин түшүнүшкөн жок. Ал жерде мамлекеттик кызматкер өзүнүн тазалыгы тууралуу декларация толтурууга милдеттендирилген.

Эксперт декларация сот системасындагы кадр көйгөйүн чечүүгө жардам бермек деп ойлойт.

- Мисал келтире кетейин: Украинада ар бир чиновник өзүнүн тазалыгы тууралуу декларация толтурат, - деп түшүндүрдү ал. - «Тазалык» деген түшүнүк - бул Европадагы мамлекеттик кызматтын негизги принциптеринин бири. Бул эмнени түшүндүрөт? Мамлекеттик кызматкер ушундай жол менен туугандарынын кайда иштегендигин көрсөтүп, кызыкчылыктардын карама каршылыгынын алдын алат. Ушул жерден алардын кимиси бул системадан кетиш керек деген маселе жаралат. Эгерде бизде да бул декларация толтурулса аябай кызыктуу фактыларга дуушар болмокпуз.

Түшүндүрө кетели, өткөнкү тегерек үстөлдө соттук-укуктук реформа тууралуу маселелер козголгон. «Адилет» укуктук клиникасынын директору Чолпон Жакупова Кыргызстанда сот системасы депутаттардын жана прокурорлордун балдары үчүн брондолгон деп билдирген.

Медина Купсулдаева
Сүрөт www




Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх