Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Кыргызстан» фракциясы Мамлекеттик курулуш архитектурасынын жетекчилигине өз адамын коюуну көздөйбү?

Архитектуранын доктору бул мамлекеттик агенттиктин ишин депутаттар таптакыр түшүнүшпөйт дейт

Мамлекеттик архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарба агенттигинин жетекчилигин алмаштырууну сунуштоо менен бирге эле, «Кыргызстан» фракциясынын депутаттары бул органдын ишин түзүк деле билишпейт. Мындай оюн Vesti.kg сайтына «Кыргызреставрация» ИИИ директору, архитектуранын доктору, профессор Жумамедель Иманкулов билдирди.

Мурдараак, Vesti.kg сайтына депутаттардын бул агенттикти сындап айткандарын билдиришкен эле. Алар өкмөткө жетекчиликти алмаштырууну сунушташкан.  

- Мен аларга караманча каршымын, - деп билдирет профессор. - Чамасы алар бул Мамкурулуш архитектурасын таптакыр түшүнүшпөйт.
Иманкуловдун айтымында, бул мамлекеттик органдын эң негизги эле кемчилиги анын түзүлүшү, тактап айтканда,  агентствонун өзүнүн формасы. Архитектура өкмөттүн эң эле укуксуз бөлүгү болуп калган, анткени ал кыскартууларга туш болгон.

Мындай алсыз орган өзүнө жүктөлгөн тапшырманы аткарууга күчү жетпейт, - дейт ал. - Анын дээрлик эч кандай ыйгарым укугу жок.

- Ошентип, тендердик система өзүн өзү актай албай калды, - дейт профессор. - Жыйынтыгы анча таза эмес жана бүдөмүк.

Эске сала кетсек, мурда Vesti.kg сайтына «Кыргызстан» фракциясы Мамлекеттик архитектура агенттигине жаман пикирлерди айткандыгын билдиришкен эле.
Депутаттар тендерлердин курулуш обьектилерине калыс эмес түрдө уюштурулуп жаткандыгын айтышкан. Тендерден уткандар болсо бирдей эле обьектилерди ар түрдүү баа менен куруп жатыгат.

Фракция бул тармактагы мамлекеттик агенттиктин жетекчилигинин жоопкерчилигин карап көрүү чечимин кабыл алган. Ошондой эле фракция депутаттары бул чечимди карап көрүүгө добуш беришти.

Ольга Федорчук
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх