«Бүгүнкү күндө Кыргызстанда УКТ мүчөлөрү ишкерлер менен уюшуп алып иш алып барышат»
Борбор Азия өлкөлөрүнүн ИИМ башчыларынын жоолугушуусунун алдында эксперттер Кыргызстандагы кылмыштуулуктун абалы тууралуу ойлорун бөлүшүштү
Кыргызстандагы УКТ мүчөлөрүнүн иш стили мурдагылардан айырмаланат. Мындай пикирин Vesti.kg сайтына КР ИИМ мурунку бөлүм башчысы, экс-депутат Туратбек Мадылбеков билдирди.
- Кылмыштуу топтун мүчөлөрү азыр топтогон акчаларын коммерциялык иштерге салат, - деп улантата ал. - Ошондой эле алар кээ бир ишкерлер менен уюшуп алып иштешет. Экөөнүн максаты бирдей - карапайым элдин жонунан кайыш тилүү. Каракчылык менен коркутуп акча өндүрүү ушул күнгө чейин актуалдуу. Бирок 90-жылдарга караганда бир аз азыраак.
Туратбек Мадылбекович азыркы иштеп жаткан мыйзамга өзгөртүү киргизүү керек деп эсептейт.
- Бизде ушкан кылмыштуулук менен күрөшүү тууралуу мыйзам бар, бирок ал иштебейт, - деди ал. - Мыйзамга өзгөртүү киргизүү зарыл. ИИМ кызматкерлери үчүн УКТнын ишмердүүлүгүн изилдөөнү оңойлотуу керек. Соттун чечимисиз эле мыйзам бузуучуларды эсепке алуу керек. Бизде сот кызматкерлери коррупциялашкан: сот системасынын кызматкерлери криминалитеттин өкүлдөрү менен байланышып калуудан коркушат.
Бул туурасында өз пикирин Vesti.kg сайтына ИИМдин эс алуудагы генерал-майору Шейшенбек байзаков билдирди.
- бир жалпыга маалым болгон фильмде «Ууру түрмөдө отурушу керек» деген фрза эске түшөт, - дейт эксперт. - Милиция, прокуратуранынын кылмышкерлерин камоо үчүн соттор бирдиктүү иштеши керек. Биздин президент бул жатта үлгү болуп жатат бизге.
Шейшенбек Калилбекович КР КК түзөтүү киргизүү зарылчылыгын айтат.
- Кылмыш кодексинин кээ бир беренелерин карап чыгуу керек, - дейт генерал. - Мисалы, кылмышкерлерди жазалоодо чара көрүүгө санкцияны кеңейтүү, күчтөө зарыл.
Байзаков өлкөдө УКТ азыр да өз таасирин тийгизип жаткандыгын айтып өттү.
- Азыр уюшкан кылмыштуу топтун тийгизген таасири өтө жогору, бир убакта Рыспек Акматбаев мырза Жогорку Кеңеш менен өкмөттү тизелетип салган эле. Бирок азыр анчалык эмес, - дейт ал. - Мен 1996-2000 жылдары бандитизм жана уюшкан кылмыштуулук каршы Башкармада иштедим. Ошол кезде биз эч кимге мүмкүнчүлүк берген эмеспиз.
Түшүндүрө кетели, эртең Чолпон-Атада Орто Азия мамлекеттеринин ИИМ башчыларынын жоолугушуусу болот. Мындай өңүттөгү иш чара биринчи жолу өтүп жатат.
Ал ортодо ИИМ башчыларынын жоолугушуусу алдында депутат Дастан Бекешев өзүнүн Твиттер-аккаунтунда шылдыңдаган пост жазды.
«Күлкүлүү. Чолпон-Атада УКТ менен күрөшүү чараларын талкуулоо. Күрөшпөй эле, талкуулоо», - деп жазат эл өкүлү.
Медина Купсулдаева
Сүрөт www