Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Атамбаевге каршы куугунтук» баарына эле тийиштүү эмес. Галина Скрипкина дагы эле калыбынан жазбай келет

ЕАЭБ Сотунун соту мурункудай эле кабагым кашым дебей иштеп жатат, кимдир бирөө тарабынан басым болгону тууралуу деле даттанбайт

Азыркы убакта Сапа Исаков, Кубанычбек Кулматов, Фарид Ниязов жана башка бийик даражалуу чиновниктер кызматтарынан кол жууду. Кээ бирлер түрмөгө да камалып калышты (чамасы, туура болду). Атамбаевдин кээ бир тарапкерлеринин тагдыры да кызыктырбай койбойт.

Жакында эле Исаков менен Кулматовдун камакта калуусун узартуу тууралуу чечим чыккандыгы тууралуу  мурдагы премьердин жактоочусунун сөзүн Vesti.kg сайтына беришти.

Бирок белгилүү бодгондой, баарынын башы эле кылычтан өтпөйт окшойт. Скрипкина Атамбаевдин абдан жакын партиялашы жана мурунку президенттин убагындагыдай эле жогорку кызматты ээлеп келет.

Эсиңиздерге салып коёлу, 2016-жылы июль айында Минскиде түзүлгөн ЕАЭБдин сотуна аны сот кылып дайындашкан.

- Скрипкина ошол кызматты аркалап, Минскиде жашап келет, - деп билдирет Кундуз Жолдубаева. - Биздин аны менен байланышыбыз жок жана аны эч ким деле куугунтуктаган жок.

Эске сала кетели, юрист жа Жогорку Кеңештин мурунку эки чакырылышынын депутаты Скрипкина Атамбаевдин эң жакыны деп эсептелет. Андан сырткары 2010-жылдагы Атамбаевди камакка алуудагы видеодо катышат.

Ольга Федорчук
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх