Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Социалдык өнүктүрүү Министрлигинин жетекчилиги мыйзамсыз командировкаларга чыккандыгы аныкталды

Башпрокуратура бир катар эреже бузууларды аныктап, өкмөткө тийешелүү сунуштарды киргизди

Башпрокуратура бир катар эреже бузууларды аныктап таап чыкты.

Таалагүл Исакунова эмгек өргүүсүндө болуп туруп, министрдин уруксатысыз элчилик паспортту колдонуу менен 2017-жылы 6-9 ноябрда АКШга сапар алган. Ал жерде симпозиумга катышып, Исакунова андан ары Аргентина Республикасына чыгып кеткен. Ал жакта 13-15 ноябрга чейин болуп, Дүйнөлүк балдарды иштеткенге каршы конференциясына катышкан.

Андан сырткары, Исакунова өкмөттүн командировкага чыгуусуна каршы болгондугуна карабастан Санкт - Петербург шаарына кетип калган.

Мурдагы министрдин орун басары Зууракан Каденова элчилик паспортту колдонуу менен 2017-жылы 24-27 апрельде Тегеранга кеткен. Андан сырткары эмгек өргүүсүндө жүрүп 2018-жылы 2-28 сентябрга чейин Сеулга кетип калган.

Белгилей кетүүчү нерсе, 2017-жылы министрликтин жетекчилиги 26 чет мамлекетке командировка кылышкан. Анын ичинен 9 Исакунова тарабынан болгон командировка. Ал эми Лунара Мамытова болсо 3 командировка, Полотова - 4 жана Зууракан Каденова - 10 чет өлкөгө командировкага чыккан.

Бирок мыйзамда каралгандай чет өлкөгө чыгуунун максаттары, кылган иштеринин жыйынтыктары тууралуу ТИМге отчет беришкен эмес.

Белгилей кетели, Исакунова жана Мамытовалар чет мамлекетке командировкага чыккан соң элчилик павспортторду министрликке өз убактысында кайрып беришкен эмес.

Андан сырткары, 2018-жылы 12-сентябрда элчилик паспортторду туура эмес берилгендиги тууралуу прокуратура тарабынан кылмыш иши козголду. Биринчи май1 районду соту тарабынан  буга тийшелүү бөлүмдүн жетекчилигине айып пул салынды.

Жогоруда айтылган эреже бузуулар тууралуу 2018-жылдын 4-октябрында Башпрокуратура бузулган мыйзамды калыбына келтирүү тууралуу сунушту өкмөткө киргизди.

Башпрокуратуранын маалымат борбору
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх