Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Өз жетекчилигинин кыңыр иштерин ачыктаган Анара Мамбеталиева кызматка кайрадан келүүгө даяр

Мыйзамсыз иштен алынган Мамэкотехинчпекциянын кызматкери мурункудай эле өз ишин сүйөөрүн билдирди, бирок кайрадан ишке чакыруу катын ала элек

Экологиялык жана техникалык коопсуздук Мамлекеттик инспекциясынын мурунку маалымат катчысымекеменин жетекчилигинен кайрадан иштөөгө чакыруу катын ала элек. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына ал өзү билдирди.

- Сунуш келип түшө элек, бирок мен кайра барып иштөөгө даярмын, өз ишимди жакшы көрөм жана ырахаттануу менен иштемекмин, - дейт ал.

Эске сала кетели, президенттин аппаратынын жумушчу комиссиясы Анара Мамбеталиеваны мыйзамсыз иштен алынды деп билдирген болчу.

Анара Мамбеталиеваны Мамэкотехинспекциядагы коррупцияны айтып чыккан соң кызматтан алып салышкандыгын ал көпчүлүккө шардана кылган эле. Ал ошондой эле коррупционерлердин аттарын да атаган болчу. Ал айткан фактылардын айрымдары тастыкталды.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх