Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Атамбаевдин ЖЭБди реконстукциялоо тууралуу статьясын физика китебин окубаган адам жазган»

Саясий камактагылар экс-президенттин жылуулук борборун модернизациялоодогу кырдаал тууралуу далилдерин сындашты

Алмазбек Атамбаев Бишкек ЖЭБин реконструкциялоодогу кубаттуулуктун өлчөм бидиктерин сабатсыз көрсөткөн өз статьясында. Бул стаьяны жазган адам мектептеги физика окуу китебин да окубагандыгы көрүнүп турат.

Мындай пикирин Vesti.kg сайтына энергетика жаатынын эксперти Зульфия Марат билдирди.

- Бул жөн эле сын тагуу эмес, - дейт ал. - Ал жердеги текстте өлчөм бирдиги үч жолу туура эмес жазылган. Бул тема боюнча ал статьяны жазган адамдын түшүнүгү жок экендиги көрүнүп турат. Атамбаев кызматтагы адам болчу, бирок статьянын акырындагы шилтеменин системасы тоскоолдук кылат. Кошуп чантып, чампалап эле бирдекени жаза берген, эмне биздин президенттин жазышкандарынын библиоткасы жокпу. Ал ошондон пайдаланса болмок. Эксперт жылуулукка төлөнгөн дүмүрчөктө шаардыктар мегаватка эмес гига калорияга төлөшөөрүн белгилеп кетти.

- Бирок мурунку президенттин жылуулук тууралуу айткан статьясында жылуулук тууралуу сөз жок, - деп капа болот ал.  - Бул деген жарандардын кызыкчылыгын эсуке албоо. Ансыз деле Токтогул ГЭСи чыгарган электр энергиясынан алуу маанилүү болмок. ошондуктан анын бир да далили олуттуу эмес. Жазылгандар бир да ишене турган нерсеси жок сандырак. Бул жөн гана пиарлоо экендиги көрүнүп турат. Бул жерде коомчулукту жана ММКны түйшөлтө турган бир нече сунуштар бар.

Өз кезегинде саясий камактагылар Эрнест карыбеков, Бектур Асанов жана Кубанычбек Кадировдор мурдагы мамлекет башчынын билдирүүсүнө комментарий беришти. Алардын кайрылууларынын тексти соцтармактарда шардана болду.

Төмөндө анын мазмуну менен сиздерди тааныштырабыз (орфография жана пунктуация сакталды).

«А.Атамбаев жалпы эдин алдында уурдаган миллиарддары үчүн кечирим суроонун ордун кайрадан элди алдоону улантып жатат, - деп нааразы болушат алар. - Бир карын майды бир кумалак чиритет.

Биринчиден электр энергиясын эч себепсиз өчүрүү 2007-жылы башталган, сен премьер-министр болуп турган чакта суунун деңгээли болуп көрбөгөндөй төмөндөп ал көрүнүш 2009-жылга чейин созулган. 2010-жылы сен кайрадан өкмөттү жетектеп, Токтогул суу сактагычындагы сууну уурдай баштадың, Казакстанга электр энергиясын   1 кВт.с 2,8 центтен саттың сууну уурдап. Ал эми ошол кезде эң төмөнкү баа  1 кВт.с 5 центтен болчу. Ошол кылмышыңдын артын жабуу үчүн, кышкы даярдык токтоп калбасын деп Казакстандан 2007-2008 жана 2008-2009 жылдары жана 2014 жылы Казакстандан эң кымбат электр энергиясын сатып алды.  1 кВт.с 9,5 центтен болчу. Бул деген тарифти 316% көтөрүү же  1 кВт.с үчүн 2,16 сом дегендик.

Салыштырып көрөлү: качып кеткен премьер-министр 2009-жылы электр энергиясын  1 кВт.с 4,15 центтен саткан, бул 2010-2012 жылдары болгон ( үч жыл ичинде 6 млрд. кВт.с  Казакстанга экспорттолгон) -   1 кВт. с 2,8 центтен, дүң баасы 5 центтен 1квт. с . 3 жыл ичинде уурдалган 130 миллион АКШ доллары кайда кетти?

Сенин башкарууңда гана Кыргызстандагы уурулуктун чеги кыйроочу абалга чейин келип жетти. Сенин уурулугуң болбогондо Токтогул суу сактагычы биздин түгөнгүс байлыгыбыз болмок.  Сен башка чет элдик адамдарды, фирмаларды бетиңе кармап алып, элдин байлыгын алыңдын жетишинчу уурдадың.

Сенин башкарууңда биздин өлкө эч нерсе өндүрбөй эле уурулук менен алектенип калды.

Экинчиден биздин өлкөнүн табигый газга болгон көз карандылыгы дагы эле сакталып калды. Мурда эки өлкөдөн көз каранды болчубуз - Өзбекстан менен Казакстан. Ал эми азыр болсо аларга Орусия да кошулду. Газпром бизге газды коңшу өлкөдөн алып келип сатып жатат. Коомчулукту антип алдабоо керк! Биз газдан көз каранды болбой калдык Өзбекстанга деген сөз калп. Алар биз газ үчүн 1 АКШ далларын төлөгөдүгүбүз үчүн өчүрүп салган эмес түштүк Кыргызстандагы газды, буга себеп бир гана президенттин жеке амбициясы болгон. Кыргыз-Газды Орсиянын газпромуна 1 долларга сатуу менен сен өз элиүе кылган чыккынчылыгыңды дагы бир ирет далилдедиң. 

2014-жылдын апрелинин 1нен 2 не караган түнү «Узтрансгаз» Кыргызстандын түштүгүндө газды  «Кыргыз-Газга» эмес Газпромго өчүргөн. 2014-жылдын декабрь айында, Ташкентте РФ башчысы Камбар-Ата - 1 ГЭСин куруудан баш тартты. Жана ошол эле жылы жаңы жылдын алдында газды бере ташташты өзбек тарап. Бул жерде эмне болгондугу белгилүү болуп турбайбы. Атамбаев сенин азабыңдан биздин өлкөгө келчү газды башка мамлекеттин башчылары чечип жатты, ал жерде Кыргызстандан эч ким катышкан жок!  Эгерде эч нерсени түшүнбөсөң, анда эмнеге Кыргызстандын бардык позициясын мамлекет башчы болуп турганда башка мамлекетк берип салдың!»

үчүнчүдөн, ТВЕА - тармактык компания, ал жылуулук электростанциясына адистештирилген эмес. Ошондуктан Бишкек ЖЭБин модернизациялоону техникалык-экономикалык негизсиз ишке ашырышты. Бизге сенин буйругуң менен КР УКМКсы токуган жалган жалаа кылмыш иши 6 миң беттен ашат.

Долбоордук-сметалык документациясы жок жана ишкананын аккредитациялык экспертизасы жок сага жана сенин желдеттериңе уурдоого оңой болот да. Ал эми сен экспертиза деп атаган сөрөйүңдүн иши түккө турбаган нерсе. Сен аны бетиңе кармаш үчүн түзгөнсүң, ал СССР маалындагы бир долбоор түзү анан майда барат иштер менен гана алек болчу нерсе эле. Даяр инфраструктурасы бар, коммуникациясы бар учурда жаңы жабдууну сатып алуу - бул жаңы курулуш эмес модернизация же реконструкция деп аталат. Мындан ары элди алдаганды токтоткула. Бааны болсо жоктон башталган ЖЭБдин баасы менен бирдей айтып жатасыңар.

Ал эми зимиялык цехиң болсо ө бул жөн эле көрсөтмө. Сен кытай жабдуусунун сүрөттөөчү бөлүгүндөгү азоттун кычкылы бөлүп чыгарууда эки эсе кылып көрсөтүлгөн норманы жана күкүрттүн бөлүнүп чыгуусундагы цифранын таптакыр жок экендигин билген да жоксуң.

Кыскасын айтканда бул жабдуу Бишкек жана Чүйдүн жашоочуларын уулайт, бул муундан муунга өтөт. Сенин кошоматчыларың жалган айтышкан: кытай жабдуусун орнотсок Кыргызстан импорт көмүрдөн баш тартып, Кара-Кеченин көмүрүн жага берет дегени карандай калп. Казак көмүрүнөн баш тарттыкпы? Албетте жок !  Бул мүмкүн эмес, анда кытай жабдуусу иштен чыгат.

Айтмакчы, Кара-Кече жылуулук борборун оңдойбуз деген 3 млн. АКШ доллары кайда? Бишкек ЖЭБде жараксыз деп чыгарылган 8 буу казан кайда калды?
Өлкөгө социалдык, экономикалык жана моралдык чыгым алып келген балекет өлкөнүн табияты менен байланыштуу эмес. Бул ошол убактагы президенттин, премьер-министрдин, энергетика министринин жана башка чиновниктердин ыйгарым укуктарынан ашыра пайдалануусунун кесепети болуп саналат.

Төртүнчүдөн, сен Кытай Эл Республикасынан  ТВЕА компаниясын тандап алгыла деп калп айтпа. Анткени КЭР өкмөтү Бишкек ЖЭБ деңгээлине түшүп сүйлөшпөйт сени менен. Анан да ал жеке компанияны сага таңууламак эмес. Бул жерде иш сенин  ТВЕА жеке компаниясы менен сүйлөшүп алган эле коррупциялык ишиң.

Бешинчиден, ЖЭБдеги кыйроо - шалакылыктын жана милдетин аткарбагандыктан келип чыккан. Биринчи кезекте бул сенин күнөөң Атамбаев.

Эшик, терезеси талкаланган жана төбөсү түшкөн эски ЖЭБди сен премьер-министр болуп тургшан 2007 жана 2010-жылы таштап салгансың. Бардык регламен, эрежелерди сактап иштеткенде Бишкек ЖЭБи дагы көп жылдарга чейин иштемек. Эч кандай модернизациясы жок эле иштеп бермек.

Алтынчыдан, эгерде сен жана сенин кошоматчыларың 150 мВт эки блокту жаңы ЖЭБдин баасында орнотууга макул болбогондо, бир кычкачты 600 АКШ долларына сатып албаганда, 386 миллион кредитти Кыргызстандын эли төлөбөйт болчу, албайт да болчу. Бул жерде бардык иш сен Атамбаев соодагердин кийлигишүүсү аркылуу болгон. Эми болсо бардык кошоматчыларыңды өзүңдөн алыстатып жатасың.

Жетинчиден, Атамбаев Жогорку-Нарын ГЭС каскадына бөлүнгөн 37 миллион доллардын кайда экендигин айткан жок.

Сегизинчиден, сенин " Автомашэнерго" деген фирмаң эмне үчүн электр энергиясын 1,6 сомдон төлөйт да, башкалар 2, 6 сомдон 1 квт.саатына төлөйт? Эмне өткөрүп койгонуң бар эле?

Сен мамлекетти өзүңдүн кулкунуңду толтууруу максатында пайдалангандыгың Кыргызстанды кыйроочу абалга алып келди.

Вероника Малышева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх