Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Социалдык өнүктүрүүү Министрлигине гана көңүл борборун буруу эмнени билдирет?

Мекеменин жетекчилиги мыйзамсыз чет өлкөгө саякаттарга чыгышкан. Бир эле кемчилик ушул беле...

Болбогон себептерди бетке кармап, негизги мыйзам бузуу жашырылып жаткан жокпу? Мындай окуянын белгилүү болуп калышынын мааниси деле жок дейт саясат таануучу Аркадий Гладилов Vesti.kg сайты менен болгон маегинде.

- Мен соцөнүктүрүү Минситрлигин эң коррупциялашкан мекеме деп эсептебейм, деп белгиледи ал. - Андан башка коррупциясын көбүрөөктөрү толтура.

Мурада Vesti.kg сайты билдиргендей Башпрокуратура бул министрликтин чиновниктери Талайгүл Исакунова жана Зууракан Каденова элчилик паспортторун мыйзамсыз өз максаттарына колдонушкан.

- Булардын болтурбоо үчүн жеринде иштөө керек - чиновниктердин жаңжал кылуусун күтпөө керек, - дейт Гладилов. - Азырынча бул система иштеп жатат. аны ким каржылап жатат? Муну ишке ашырууну ким көзөмөлдөйт?

Мекемелердеги текшерүүлөргө макулмун дейт дагы бир саясий маселелер боюнча эксперт Максат Мамытканов. Кандайдын бир мекеменин жетекчилиги башынан бери эле мыйзам бузуп келе жатса, демек ал системанын чиригендигин билгизет.

- Мамлекеттик текшерүү биртгана нерсе менен чектелип калбаш керек, - дейт эксперт. Балким соцтармактарда жазылбаган былыктар калкып чыгышы мүмкүн.

Саясат таануучу Марс Сариев социалдык өнүктүрүү Министрлигиндеги кырдаал башка министрликтерден кескин айырмаланат. Мындай деген пикирин ал Vesti.kg сайтына билдирди. Бирок мындай нерсенин бетин ачуу технологиялык мүнөздө гана болуп жатат дейт.

- Мурда саламаттык сактоо Министрлиги тууралуу жазышчу, эми соцөнүктүрү Министрлиги, - дейт ал. - Коомчулуктун көңүлү бир гана нерсеге барып такалып калат. Ушундай жол менен саясий жараяндардын жүрүшүнөн коммчулукту алаксытып коюуга болот.

Эксперттин сөзү боюнча, жылуулук берүүчү сезондун жакындашы менен чыңалуу күч алууда. Бишкек ЖЭБдин авариясына байланышкан көп сөздөр пайда болуп жатат. Аларды болсо мезгил мезгили менен мурдагы президент Алмазбек Атамбаев өзүнүн каттары менен жокко чыгарууга далалат жасап жатат деп эскерет Сариев.

- Чамасы элдин көңүл буруусун атайылап эле аралаштырып жатышат, - деп боолголойт ал. - биздин өлкөдө дайыма кандайдыр бир жашыруун саясий жараяндар болуп турат жана чоң-чоң коррупциялык кадамдарга барышат. Бул баягы эле бала сатканга окшогон окуялар.

Ольга Федорчук
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх