Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Тайырбек Сарпашевге козголгон кылмыш иши жандандырылды. Ал өзү бул тууралуу уга элек

Башпрокуратура иликтөөнү ЭККМК алып барып жаткандыгын маалымдайт. Кеп жарактан чыккан туулгандыгы тууралуу күбөлүк боюнча болуп жатат

Башпрокуратура МКК экс-башчысы Тайырбек Сарпашевге карата козголгон кылмыш ишин жандандырды. Бул тууралуу көзөмөл органынын маалымат кызматы сайтына билдирди.

- Учурда мурда токтотулган кылмыш ишин кайрадан козгошту, - деп түшүндүрүштү Башпролкуратурадан.
Иликтөө ишин ЭККМК алып барууда. Сарпашевди расмий түрдө айыптоо боло элек.

Ал эми Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы жетекчиси Тайырбек Сарпашев болсо ал ортодо Vesti.kg сайтына кылмыш ишинин жандандырылгандыгы тууралуу укпагандыгын билдирди.
- Мен эчтеке билбейм жана комментарий бере албайм, - деп жооп берди ал.

2013-жылдын мартында жарандык абалдын күбөлүгү үчүн бланкка тендерди МКК уюштуруп 8 миллион сом чыгымдалган. Тендерге ЖЧК «Т.П.» катышып, кийинчерээк ААК «Учкун»  конкурстан утуп алган.

Каржы министрлиги бул тендерди апрель айында өттү деп жарыя кылган.

Ал ортодо Сарпашев МКК  ААК «Учкундан» мыйзамсыз бланктарды сатып алууга тапшырма берген экен.

ЖЧК «Т.П.» Сарпашевдин тапшырмасы боюнча  ААК «Учкундан» 40 миң даана туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн бланкасын сатып алат. Ал блантарды жарандык абалды каттоо Департаментинин аймактык бөлүмдөрүнө таркаткан жана ажңы төрөлгөн ымыркайларга беришкен.

Бирок кийин белгилүү болгондой ал «Туулгандыгы тууралуу күбөлүктөн» микротекстинде «Никеге тургандыгы тууралуу күбөлүк» деген жазуу болгон.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www



Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх