Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Кулматовдун ишин бийик даражалуу чиновник же болбосо бир өтө бай адам буйрутма кылган»

Укук коргоочу мурунку Бажы кызматынын башчысына коюлган айыпты эч жакты карабай эле сунуштап жаткандыгына көңүл бурду

Мурдагы Бажы кызматынын башчысы Кубанычбек Кулматовго карата козголгон кылмыш иши буйрутма. Бул тууралуу пикирин укук коргоочу Токтайым Үмөталиева Vesti.kg сайтына билдирди.

- Жогорку даражалу бир чиновник же бир өтө бай адам буйрутма кылган муну, - деп боолголойт ал. - Болбосо мындай эптеп-септеген кылмыш ишин козгобойт эле.

Токтайым Үмөталиева экс-мэрди адегенде Калыс-Ордодогу мектептин курулушу боюнча айыпташкандыгын эстейт. Ал мектеп муниципалдык акчага эмес, гранттык каражатка  курулгандыгын жана 2015-жылы ТВЕА компаниясы ал грантты сунуштагандыгын эстеди. Подрядчиктерди да кытайлар табышкан.

Мындай болгон учурда Кулматов долбоорду ишке ашыруудагы мыйзамдын бузулушуна эч кандай катыштыгы жок болуп калат деп ишенет Үмөталиева. Ал эми баарын күнөөлүү дей турган болсок, анда баарын карап көрүш керек, премьер-министрди да. Анткени алар долбоор менен тааныш болгон да.

  - Күнөөсүнө далил таба албай, паспорт боюнча иш козгошту, - деп улантат укук коргоочу. - Эгерде ал Орусиянын жараны болсо, анда эмнеге аны эл аралык укуктун негизинде соттошпойт? Эмне үчүн РФ элчилигинен өкүл катышпайт. Анткени элчиликтегилер ал Орусиянын жараны эмес деген жоопту беришкен.

Үмөталиеванын ою боюнча, мындай ишти бир гана дилетант-тергөөчү кылышы мүмкүн. Бирок бардык эле тергөөчүлөр дилетант боло бербейт да.

- Улуттук коопсуздук комитети Мамлекеттик каттоо кызматын Кулматовдун паспорту жараксыз дегиле деп мажбурлап жатат, - дейт юрист. - Бирок МКК эч нерсени далилдей албайт, анткени алар бир паспорт берүү менен алектенишет. Анын үстүнө 22 жыл кыргыз паспорту менен жашап, чегарадан өтүп жүргөн. 22 жыл ичинде же чегарачылар, же башка мамлекеттик органдар паспорттун жасалма экендигин байкаган эмеспи?

Токтайым Үмөталиеванын дагы бир шекшигени, мурунуку Бажы кызматынын башчысына козголгон кылмыш иши анын кесиптештери тарабынан болушу мүмкүн.

- Анткени Кулматов бажыга келип, коррупциянын ириңдеген жарасын алып салды, - дейт ал. - Ошондуктан буйрутманы ошол ириңдеген жаралуу чиновник кылышы толук мүмкүн.

Укук коргоочу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев мекемелер аралык иликтөө жүргүзүп, кырдаалды териштириши керек деп айтат.

Эске салсак, жакында эле Vesti.kg сайтына Жогорку сот Кубанычбек Кулматовдун камакта калуусун 2018-жылдын 28-октябрына чейин калтыргандыгын билдиришкен.

Ольга Федорчук
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх