Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкек мэриясы азырынча оштук кесиптештеринен үлгү алып, акы төлөнүүчү «парковкадан» баш тарта элек

Ордо калаанын вице-мэри эмне үчүн мындай саамалыкты ишке ашыруу мүмкүн эместигин түшүндүрдү

Муниципалдык парковкалардан баш тартып жана аларды кароосуз калтыруу Бишкек үчүн оор болуп калат. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Бишкектин вице-мэри Бакытбек Дүйшөмбиев билдирди.  

- Бишкек мэриясы парковкалар тууралуу так саясат иштеп чыгуу керек, - дейт ал. - Анткени борбор шаардагы мынчалык көп машиналарды эпке келтирүүгө болбой калат. 1995-жылы шаарда 42 миң машина болгон болсо, азыр 400 миңден ашууну катталуу.

Бакыт Осмоновичтин айтуусу боюнча, мурда муниципалдык парковкалардан баш тартууга аракет жасап көрүшкөн, бирок ал эч пайда алып келген эмес.

- 2015-жылы ошондогу шаар мэри Кубанычбек Кулматовдун чечими менен бардык муниципалдык парковкалар жок кылынган, - деп эскерет Дүйшөмбиев. - Ошол мезгилде баары кароосуз калган. Бир гана айдоочуларга жер участогун ижарага беришкен. Жыйынтыгында бул да көйгөйдү чечкен эмес.

Вице-мэр жакын арада Бишкек шаар кеңеши жаңы парковка тууралуу мыйзам иштеп чыгараарын билдирди.
- Жакын арада парковка Бишкек шаар кеңешинде талкуулана турган негизги тема болуп калат, - деп улантат чиновник. - Менин билишимче, жумушчу топ азыр абалды иштеп чыгарууну бүтүп калышты. Менин оюмча муниципалдык парковкаларды жок кылып коюу туура эмес.

Эске салсак, 5-октябрда Оштун мэри Таалайбек Сарыбашев түштүк борбордогу 26 муниципалдык парковканы жойду.

Медина Купсулдаева
Сүрөт www



Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх