Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жогорку Кеңештин спикери: Бизге Орусиясыз алдыга жыла албайбыз. Муну биз ачык эле айтабыз

Дастан Жумабеков Кыргызстан Кремлдин жардамына жана колдоосуна таянат деп билдирди

Кыргызстан Орусиянын жардамына жана колдоосуна таянат деп билдирди Жогорку Кеңештин спикери Дастан Жумабеков.
«Биздин Орусиясыз бир нерсе кылышыбыз кыйын, экономикабыз да аларга байланган. Биз аны дайыма сезип турабыз. Биз муну ачык эле айтабы», - деди Жумабеков кечээ Анталиядагы жоолугушууда. Ал жерде   мамдуманын төрагасы Вячеслав Володин да бар эле.

«Биз бири бирибизге колдоо көрсөтүшүбүз керек», - деп кошумчалады ал.   

Володин эки тараптуу мамиледе жандуураак кызматташалы деген оюн айтты, ошондой эле эл аралык парламенттик структурада да тыгыз кызматташууну сунуш кылды.
 
Спикер жакында ЖККУ Парламенттик ассамблеясынын жыйыны боло тургандыгына көңүл буруп кетти.
 «Мен сиздерди парламенттик аянчадан көрүүгө ынтызармын», - деп кайрылды Володин өзүнүн кыргыз кесиптешине.  

Тараптар расмий сапарлар тууралуу келишим түзүштү.
 

РИА Новости
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх