Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Илим Карыпбеков УКМКнын арык аттап, суу кечпей калган Белизгейти тууралуу кызматтан кетейин деген ниети жок

Ал ортодо «Ата Мекен» фракциясы КТРКнын башчысы убадасына турбай жатат дейт

Белизгейт иши Илим Карыпбековдун абийирине коюлду. Бул тууралуу Vesti.kg сайты менен болгон маегинде «Ата Мекен» фракциясынын депутаты Каныбек Иманалиев билдирди.

- 2016-жылы Белизгейт маселеси каралып жаткан учурда, мен Карыпбековдон ушул иш далилденбей калп болуп калса кетесизби иштен деп сураган эле. Ал ошондо ишенимдүү туруп жумуштан кетем далилденбесе деген, буга youtube видео далилдер бар. Убада бергенден кийин аткарыш керек да.

Өз кезегинде КТРКнын башкы мүдүрү Илим Карыпбеков учурда кызматты таштап кетүү ниети жок экендигин Vesti.kg сайтына билдириди.  

- Видеону толугу менен көрүңүздөр, - Илим Майрамбекович. - Ал жерде мен мыйзамдын чегинде кетем дегем. - Мыйзамда КТРКнын башкы мүдүрү кайсы бир мамлекеттик органдын катачылыгы үчүн кызматтан кетет деп эазылган эмес. Андай норма жок.

Анын айтымында, саясатчылар тарабынан болгон басымдарга ал көнүп калган.

- Мага карата басым дайыма болуп келген, КТРКга мүдүр болуп келгенимден бери эле басым кылышат. - Саясатка бир аз тийешеси бар адамдардын баары мага асылышат. Бул боло келчү нерсе. Анын үстүнө «Ата Мекен» азыр активдешип калган чакта бул демейдеги эле көрүнүш. Саясат ушундай. Мен буга кадимкидей эле карайм.

Эске салсак, 14-сентябрь күнү «Ата Мекен» фракциясынын жыйынында УКМКнын өкүлү расмий түрдө Белизден андай документ келген эмес деп айтты.

Медина Купсулдаева
Сүрөт www


Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх