Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Депутат: КСДПда иш таштоо болуп, партияны басып алганы жатышат

Ирина Карамушкина  анын кесиптештери Кожобек Рыспаевди партияда калтырып бекер кылышты деп эсептейт

КСДП парламенттик фракциясы Кожобек Рыспаевди партиядан чыгаруудан баш тартышты. Бул чечим болсо партиянын уставына каршы келет. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Ирина Карамушкина билдирди.
- Фракция саясий кеңештин чечимине жана лидерге баш ийбей койду, -дейт Ирина Юрьевна. - Добуш берүүнү сурамжылоо жолу менен кылышты. Бирок мындай маселе мындай жол менен чечилбейт болчу. Бул фракциянын регламентин бузуу болуп саналат. Сөзсүз түрдң ачык же жабык түрдө добуш берилиши керек болчу.

Карамушкинанын айтымында, сурамжылоо кылганда депутаттарга басым көрсөтүлүшү мүмкүн.

- Бул бир ажайып көрүнүш болду, ар бирине барып тырыштырып, - деп түшүндүрдү эл өкүлү.

- Сурамжылоо жолу менен добуш берүүнү уюштургандар аябай катачылык кетиришти, баарын адашууга алып барышты. Бул чечим - саткынчылык.

КСДП фракциясынын катчылыгынын маалыматы боюнча, саясий кеңештин сунушуна 26 депутат каршы болуп 4 макул болду.
Карамушкина ошону менен бирге Кожобековдун эми КСДПнын иш чараларына гана катышышка укугу бар экендигин түшүндүрдү.

- Ал фракцияда калып, иш чараларга катыша берет, анткени анын депутаттык мандаты бар да. Бирок партиянын атынан билдирүү жасай албайт. Ошондой эле ал Жогорку Кеңештеги комитеттин жетекчилиги кызматын ээлей албайт. Менин жеке оюм боюнча: бул жерде өтө көп катачылык кетиришти, иш таштоо болуп, партияны басып алганы жатышат.

Эске салсак, Жогорку Кеңештин депутаты Кожобек Рыспаевди КСДП саясий партиясынын катарынан 2018-жылы августта чыгарып салышкан. .

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www  

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх