Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Лунара Мамытова кызматтан кетип жатабы? Өкмөттөгүлөр бул тууралуу кеп кылуудан баш тартышты

Социалдык өнүктүрүү Министрлигиндегилер да ачык эч нерсе айтышпайт

Өкмөттүн аппаратындагылар социалдык өнүктүрүү жана эмгек министринин орун басары Лунара Мамытованын кызматтан бошогондугу тууралуу маалыматка комментарий берүүдөн баш тартышты.

- Бул маселе боюнча комментарий болбойт, - деп билдирди  Vesti.kg сайтына премьер-министрдин маалымат катчысы Адилет Султаналиев.

Өз кезегинде Министрликтин өзүндөгүлөргө бул маалымат тууралуу кайрылганыбызда ак да, көк да дебей коюшту. - Ал эми Мамытованын өзү менен байланышууга мүмкүн болгон жок.

Түшүндүрө кетели, жергиликтүү ММКлар Лунара Мамытова өз каалоосу менен иштен кетүү тууралуу арызын жазгандыгын билдиришти.  

Эске салсак, мурда  Vesti.kg сайтына Жогорку Кеңештин депутаты Аида Касымалиева ЖК тийешелүү комитетинде эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Лунара Мамытованын элчилик паспортту жеке максатына пайдалангандыгы тууралуу айыптаган болчу.

Вероника Малышева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх