Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Экс-депутат Ыргал Кадыралиева бир тууганы үчүн жооп бербей тургандыгын кайталады

Мурдагы прокурордон жабыр тарткан Оштун бир үй бүлөсү Ак үйдүн алдына келип, президентке кайрылышты

Бүгүн оштук Мирлан Жолдошевдин үй бүлөсү Ак үйдүн алдына митингге чыгып, мурдагы Ош шаардык прокуратурасынын кызматкери Канжар Кадыралиев алардын үйүн жана «Улан» деген кафесин тартып алгандыгын билдиришти. Бул иш тууралуу соттук иш 4,5 жылдан бери созулуп келе жатат. Ушул себептүү түштүк борбордун жашоочулары өз талаптарын президентке коюну чечишти. Алар сот жараянын тездетүүнү суранышат.

Канжар Кадыралиевдин эжеси, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Ыргал Кадыралиева Vesti.kg сайты менен болгон маегинде бир тууганынын ишине жооп бербей тургандыгын билдирди.

- Алар Канжарга каршы чыгышса менин кандай тийешем бар ал жерде? - деп жооп берди ал. - Эмне туугандары үчүн жакындары жооп береби? Канжар өзү жооп берсин. Биздин мамлекет мыйзам менен иштейт, ушактарга көңүл бурбайт. Беш жылдан бери териштирүү болуп жатат. Соттун чечимин күткүлө.
Белгилей кетүүчү нерсе, бул ишти азыркы учурда Бишкектин Октябрь райондук соту карап жатат.

Медина Купсулдаева
Сүрөт www



Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх