Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкек шаардык кеңешиндегилер жаңы вице-мэр тууралуу дээрлик эч нерсе билишпейт

Максим Ситников президенттин аппаратында иштеген жана Жогорку Кеңешке ат салышкан. Бирок депутаттар ал тууралуу биле беришпейт

Бишкектин жаңы вице-мэри Максим Ситников транспорт маселесин чечет. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын аппараты билдирет.
Ситниковдун муда президенттин аппаратында иштегендиги жана шаардын маселелерин көзөмөлдөгөндүгү белгилүү.

Андан сырткары, 2015-жылы ал КСДП партиясынын Жогорку Кеңешке ат салышыптыр.

Белгилүү болгондой, жаңы вице-мэрдин аты Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарына жана чиновниктерине тааныш эмес.
«Кыргызстан» фракциясынын мүчөсү Таалайбек Сагынов Vesti.kg сайтына бул дайындоо тууралуу өз оюн айта албастыгын билгизди.

- Мен аны билбейм, тааныш да эмесмин, ошондуктан эч кандай комментарий бере да албайм, - деди депутат.
 «Республика - Ата Журт» фракциясынан анын кесиптеши Канатбек Мүзүралиев да Ситниковду билбейт экен.
- Ал тууралуу биринчи жолу угуп жатам, - деп мойнуна алды ал.

Бишкек мэриясынын шаардык транспорт Башкармасынын башчысы Хасан Алимбековдун да ал тууралуу маалыматы жок экен.

- Мен аны менен өзүм тааныш эмесмин, жумуш тууралуу да жоолукпаптырмын, -дейт ал.

Бир гана БШК КСДП фракциясынын депутаты Эрнис Докенов  Максим Ситниковду жакшы вице-мэр болот деген каалоосун айтты.

- Менин оюмча, жакшы талапкер, иштин көзүн билет жана шаар көйгөйү менен тааныш, - деди Докенов Vesti.kg сайтына.
Эске сала кетсек, мурда Бишкектин вице-мери болуп Геннадий Милицкий иштеген, 28-сентябрда ал кызматтан кетүү тууралуу арызын жазган.
 
Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www
 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх