Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Аида Салянова: Демократиялык өлкөдө бийлик прокурорлорго таянбайт

Мурдагы көзөмөл органынын башчысы сотто мамлекет башчысы өз аброюн өзү коргошу керек деген идеяны колдойт

Парламенттик демократиясы бар өлкөдө бийлик прокурорлорго эмес, коомдук күчтүү институттарга таянат. Мындай деген пикирин  Vesti.kg сайтына экс-башпрокурор Аида Салянова бөлүштү.

- 2010-жылы жаңы Конституцияны кабыл алгандан кийин мамлекет өнүгүүнүн жаңы жолуна түштү - парламенттик, - деп эске салат мурдагы көзөмөл органынын башчысы. - Эми парламент, жалпы эле баарыбыз паламентаризмге туура келбей турган нормаларды такай издеп турушубуз керек. Бул нерсеге көп убакыт сарпталат. Бирок чындыгында парламентаризм ушундай болуп пайда болот. Азыркы мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизишибиз керек.

Түшүндүрө кетели, «Адилет» укуктук клиникасынын юристтери Конституциялык палатага президенттин аброюн прокурор коргош керек дегенди мыйзамдын конституциялык эмес нормасы деп кабыл алуу өтүнүчү менен кайрылышкан. Бул тууралуу ММКлар билдирет.
Юристтердин пикири боюнча, президенттин кадыр, баркын башпрокурордун коргоосу - бул чектен чыккан негизсиз чара.

Эске сала кетели, мурда  Vesti.kg сайты депутат Исхак Масалиев «Президенттин ишмердүүлүгүнүн кепилдиги тууралуу» мыйзамга түзөтүү киргизүү сунушун киргизгендигин билдирген эле. Ал эми бул жолу болсо депутат мамлекет башчынынаброюн коргоо статьясы тууралуу сөз сүйлөдү.

- Конституциялык сотто башпрокурордун президенттин кадыр, баркын коргоо милджети тууралуу маселе каралат, ошондуктан биз азыркы мыйзамга түзөтүү киргизүүнү чечтик, - деп түшүндүрдү Масалиев.

- Мен өз өзгөртүүлөрүм менен башпрокурор президенттин аброюн кат аркылуу кайрылуусунан кийин гана коргойт деп тактагым келет. Башкача айтканда, бул жарандык гана мамиле болушу керек. Убакыттын өтүшү менен бул норма өзүнөн өзү жок болот. Мамлекет башчы сотто өзүнө жактоочу жалдай турган деңгээлге жетишибиз керек.

Ал арада Конституциялык палата укук коргоочу Нурбек Токтакуновдун экс президенттин кол тийбестигин алуучу механизмдин жоктугу конституциялык эмес норма деген арызын карады.
Өкмөткө мыйзамга тийешелүү түзөтүүлөрдү киргизүү тапшырмасы берилди.

Вероника Малышева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх