Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Татыктуу эмес. «Манас» орденин алуучулардын тизмеси сынга кабылды

Эксперттер өтө жогорку баадагы сыйлыкты алуучу адамдар шектүү, татыксыз деп эсептешет  

«Манас» орденин алган адамдар татыктуу болушу керек. Бул туууралуу оюн Vesti.kg сайтына «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын депутаты мирлан Бакиров билдирди.

- Мен бүгүн тийшелүү комитеттин жыйынына катышып келдим, - дейт депутат. - Бакыт Эргешович кимди татыктуу эмес деп айткысы келгендигин билбейм. Ал жерде бирөөнүн аты аталды деп ойлобойм. Бардык талапкерлердин аттары комиссия, катчылык аркылуу өтөт. Орденди ала туршгандар албетте татыктуу болушу керек, мисалга, Сабырбек Жумабеков сыяктуулар. Бирок кээде болуп калат татыксыз адамдар алып калган учурлар.

Ал арада юридика илимдеринин доктору, профессор КайратОсмоналиев бул сыйлыкты алгандардын бардыгы татыктуу экендигине ишене бербейт.

- Мындай мамлекеттик сыйлыкты алгандар өлкөгө чоң салым кошушу керек эле, - дейт Vesti.kg сайтына бергшен маегинде Кайрат Медербекович. Алардын бири Сабырбек Жумабеков.

Эксперт мындай учурда атактуулук көбүрөөк таасир кылып коёт деп ишенет.

- Мисалы, тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев мындай сыйлыкка таптакыр татыксыз, анткени ал тышкы саясатта бир катар кемчиликтерди кетирген, - деп белгиледи эксперт. - Биздин ТИМдин аркасы менен Кыргызстан ТВЕА жана Лиглас деген балээге дуушар боду. Азербайджан менен мамилебиз бузулду. Мындай иши үчүн ага «Манас» орденин бермек турсун жазага тартуу керек болчу. Ушундан улам Сапар Исаковдун сыйлык алганы эске түшөт. Айтмакчы, аны жазага тата турган болсо, орденин да жокко чыгаруу керек. Менин оюмча, Абдылдаев менен Исаков бул сыйлыкты татыксыз эле алып алышкан.

Осмоналиев мамлекеттик сыйлыкты чектеп гана чыгарууну сунуштайт.

- Таң калыштуу саясат бар болчу: бир убакта мораторий жарыланган болчу, анан эле кайра козу карындай жамыратып жиберишти. - Ардак грамотасын жүздөй адам алган, анын артынан эле дагы жүзү алды. Кантсе да мындай нерсени өлчөмү менен бербесе болбойт. Менин оюмча, мамлекеттик сыйлыктар тууралуу талкуу болушу керек. «Манас» орденин алуу үчүн аябагандай зор эмгеккылуу керек. Ал эми аны алгандар бизде жылдыздай жамырап кетишти. Эмне кызмат кылып жиберишти алар?

Түшүндүрө кетели, «Өнүгүү-Прогресс» парламенттик фракциясынын лидери  Бакыт Төрөбаев Жогорку Кеңештин жыйынында экинчи даражадагы «Манас» орденин былтыр татыксыз адамдар алып калгандыгын билдирди. Алар өлкөнүн өнүгүшүнө эч кандай салым кошушкан эмес.  

Медина Купсулдаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх