Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Кыргыз Республикасынын эсептөө палатасына кылмыш ишин козгой ала турган укукту бериш керек»

Эксперт депутаттын гранттарды пайдалуу иштетүүнү текшере турган жаңы орган ачуу тууралуу оюн сынга алды

Кредит менен гранттарды иштетүүнү текшере турган органдын эмне керекги бар? Бул ыйгарым укукту Эсептөө палатаына берсе деле болот да. Мындай пикирин  Vesti.kg сайтына экономика жана каржы тармагынын эксперти Ганы Абдирасилов билдирди.

- Эсептөө палатасына күч органынын милдетин бериш зарыл, бул көп өлкөлөрдө колдонулуп келе жатат, деди ал. - Бизде Кыргызстандын Эсептөө палатасы алсыз. Бул мекеме бир нерсе кылайын деп аракет кылат, бирок жыйынтык чыгара албайт. Эсептөө палатасына кылмыш ишин козгой ала турган ыйгарым укукту бериш керек. Ошондо гана коррупциялык иш аракеттер бир аз ооздукталышы мүмкүн.

Ганы Калыевич Кыргызстанда кээ бир мекемелер өз иштери менен алектенбегендигин кошумчалады.

- Бизде УКМК, ИИМ, ЭККМК каражаттын максатсыз пайдаланылгандыгын көзөмөлдөйт, Жогорку Кеңеш болсо аларга дагы бир нерсени жүктөгөнү турат. Бар органдарды жакшылап иштетпей эле, жаңы орган ача беришет.

Түшүндүрө кетели, бюджет жана каржы парламенттик комитетинин жыйынында депутат Улан Примов кредиттерди өкмөттүн пайдалуу жакка колдонушун көзөмөлдөөчү орган түзүүнү сунуштады.

«Өзүңөр ойлонуп көрсөңөр, өзү кредитти бөлүштүргөн министрлик анын пайдалуу иштетилишин көзөмөлдөй алабы? Албетте алар өздөрүн өздөрү сындай албайт. Эсептөө палатасы максатсыз пайдаланууну текшерет бирок жыйынтыгы аз болуп жатат», - деп өзүнүн демилгесин түшүндүрдү депутат. 

Вероника Малышева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх