Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

УКМК тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн комментарий бербейт, Нурсулуу Ахметованы ЖЭБ иши боюнча суракка алып жатат

Сапар Исаковдун жактоочулары президенттин аппаратынын бөлүм башчысын суракка алуу өтүнүчү менен кайрылышты

Улуттук коопсуздук комитети президенттин аппаратынын стратегиялык өнүгүү саясаты, каржы жана экономика бөлүмүнүн башчысы Нурсулуу Ахметованын ЖЭБ модернизациясы боюнча сурак берээр бербешине комментарий берген жок.

- Иликтөөнүн кызыкчылыгы үчүн маалыматтарды айта албайбыз, - деп жооп беришти Vesti.kg сайтына УКМКнын маалымат кызматы.

Түшүндүрө кетели, Сапар Исаковдун жактоочулары тергөөчүгө Нурсулуу Ахметованы ишке тартуу өтүнүчү менен кайрылышкан.

Бул тууралуу социалдык тармактагы өз баракчасына Исаковдун жактоочуларынын бири Нурбек Токтакунов жазды.

«Президент Атамбаевдин атына жазылган катта ТВЕА компаниясын колдоо тууралуу сөз да болгон эмес», - деп түшүндүрөт Сапар Исаковдун жактоочусу.  - Ал катта кайсы бир компания көрсөтүлүп, белгиленген эмес. Анын үстүнө кат жалгыз эле Сапар Исаков тарабынан даярдалган эмес, Нурсулуу Ахметова да кошо даярдашкан.

Действительно, какие к ней могут быть претензии, если в записке нет ничего противозаконного и она полностью соответствует формату взаимоотношений между президентом и правительством, предусмотренному Конституцией и законами.
Бирок, тергөө бул кызматтык катты айыптоого негиз катары колдонуп жатат. Андай болгон учурда алар Нурсулуу ахметовага да суроо берүүгө милдеттүү, анткени ал президенттин командасында кошо иштешкен. Анан ал баарын айтып берет. Каттын мазмунунда ар кайсы компаниялар сунушталгандыгын жана ТВЕА компаниясын жеке бөлүп көрсөтпөгөндүгүн айтып берет.
(орфография жана пунктуация сакталды)

Эске салсак, мурда Vesti.kg сайтына Биринчи май райондук соту Сапар Исаковдун камакта калуусун 5-декабрга чейин узарткандыгын айтып беришкен болчу.
Мурдагы премьер-министрди Бишкек ЖЭБин модернизациялоодогу коррупцияга айыптап жатышат.

Вероника Малышева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх