Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Лунара Мамытованын кызматтан бошотуу тууралуу арызы өкмөткө келип түштү

Министрлер кабинетинин башчысы документке кол коё элек

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Лунара Мамытованын кызматтан бошоо тууралуу арызы өкмөткө келип түштү. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына өкмөттүн аппаратынан билдиришти.

- Кийинчерээк расмий маалымат беребиз. Азыркы учурда арызга кол коюла элек, - деп билдирди өкмөттөн.

Ал ортодо Лунара Мамытова журналисттерге кызматтан кете тургандыгын жана ар кандай сөздөрдөн тажагандыгын айтты.

Эске сала кетели, мурда Жогорку Кеңештин депутаты Аида Касымалиева элчилик паспортту жеке кызыкчылыгына иштеткендиги үчүн Лунара Мамытованы айыптаган болчу. Социалдык тармактарда жагымсыз сөздөр, Мамытовага карата жакшы эмес посттор жазылган. Чиновник аял кээ бир пенсионерлер чет өлкөгө барып эс алып келсе болот деп жазган. Кийинчерээк ал өзүнүн билдирүүсүн оңдоп жазган.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх