Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кубанычбек Кулматов эмне үчүн процесске катышкысы келбегендигин анын жактоочусу түшүндүрдү

Шаар соту бүгүн мурдагы Бишкек мэринин бөгөт коюу чарасын өзгөртүү өтүнүчүн карады

Бишкек шаардык соту мурунку борбор калаанын мэринин бөгөт коюу чарасын өзгөртүү боюнча жактоочусунун өтүнүчүн карады. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына анын жактоочусу Сергей Слесарев билдирди.

Белгилүү болгондой, соттун чечими менен Кулматов ушул жылдын 28-октябрына чейин камакта калат.

- Бишкек шаардык сотунун соттук жамааты Кубанычбек Кулматовго карата чыгарган биринчи инстанциянын чечимин күчүндө калтырды, - дейт юрист.
- Процесстин жүрүшүндө сотторго төрт жолу ишенбөөчүлүк билдирилди. Анткени алар мурда да Кулматовдун бөгөт коюу чарасын көрүүдө катышып жаман чечим чыгарышкан. Бирок бул билдирүү четке кагылды.

Юрист Кулматовдун сотторго ишенбей, процесске катышпай койгондугун айтып берди.

- Ал сотторго ишен бегендигин айтып, сот өндүрүшүнүн ишин жана кылмыш процесстеринин принциптерин тааныбай тургандыгын билдирди, - дейт Слесарев.  

- Ал төртүнчү жолу ишенбөөчүлүк көрсөтүп жана терс жооп алган соң, процесске катышуудан баш тартты. Эчтеке деп сүйлөбөй койду, Соттор да ага суроо беришкен жок.

Мурдагы шаар башчыны ушул жылдын 5-июнунда убактылуу тергөө абагына киргизишкен.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх