Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жогорку Кеңеш коңшу өлкөлөр менен болгон чегараны демаркациялоо маселесин тездетүү талабын койду

Жыйында депутаттар Кыргызстандын Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстандын ортосундагы чегара маселесин талкуулашты

Жогорку Кеңештин жыйынында 6 маселе каралып, анын эң биринчи каралчу чегара маселесине байланыштуу  Тышкы Иштер министри Эрлан Абдылдаев, Мамлекеттик чегара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев жана Өкмөттүн чегараны делимтациялоо боюнча атайын өкүлү Курбанбай Искандаров чакырылышкан.

«2017-жылдын 25-декабрында Астана шаарында кол коюлган Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы Кыргыз-казак мамлекеттик чегараны демаркациялоо жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу» мыйзам долбоорун депутаттар экинчи угууда талкуулап жатып түштүктөгү  чегара жөнүндө да суроолорлду беришти.

Өкмөттүн чегераны делимитациялоо боюнча атайын өкүлү Курбанбай Искандаровтун айтымында Казакстан менен чегара маселеси 1999-жылы башталып 2001-жылы эле бүткөрүлгөн. Бүгүнкү күндө коңшулар менен бардык чегара тилкеси толугу менен такталып бүткөн. Курбанбай Искандаров берген маалымат боюнча  Кыргыз-казак чегарасы жөнүндөгү документ 2008-жылы ратификацияланган.
 
Депутаттарга жооп берип жатып Курбанбай Искандаров өлкөнүн түштүк жагындагы Өзбекстан менен болгон 1388 километр чегаранын көпчүлүк бөлүгү такталганын билдирди. Ал эми Тажикстан менен Кыргызстандын ортосундагы  1000ге жакын километр чегаранын жарымы такталып бекитилгени айтылды.
Фото с заседания ЖК

Акылай Рахматулла
Фото www




 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх