Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Астанада дүйнөлүк жана салттуу диндер лидерлеринин съезди башталды

Съездке 42 өлкөдөн 80ден ашуун делегация катышууда

Казакстандын борбору Астанада  6. Дүйнөлүк жана салттуу диндер лидерлеринин съезди башталды. Бул тууралуу Vesti.kg маалымат агенттигинин кабарчысы билдирди.

Съезддин ачылуу аземине Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев, Сербия президенти Александр Вучич, Түркиянын Дин иштери башкармалыгынын башчысы Али Эрбаш жана башка ислам, буддизм, даосизм, иудаизм сыяктуу дүйнөлүк диндердин лидерлери жана өкүлдөрү катышты.

Президент Назарбаев, ачылыш сөзүндө  Казакстанда 18 конфессияга таандык 3,5 миңден ашуун диний субъект бар экендигин айтты.

«Мындай ар түрдүүлүктө улуттук коомсуздук менен диний эркиндик ортосундагы тең салмактуулукту сактап кала алдык. Өлкөбүздө өзгөчө конфессиялар аралык тынчтык жана келишим модели пайда болду. Казакстандын тажрыйбасы жана практикасы планеталык масштабда колдонууга боло турганына ишенем», - деди президент.

Назарбаев, тынчтык жана келишим идеяларын дүйнөлүк деңгээлде алдыга жылдыруу үчүн жаңы технологиялардын бардык артыкчылыктарын колдонуу керектигин белгилеп, съезддин базасында маалыматтык портал ачууну сунуштады.

Президент дүйнөлүк диндер лидерлерине коомго тынчтык жана коопсуздук чакырыгын жасоо сунушун айтты.

«Руханий лидерлерге дүйнө коомчулугуна, элдерге, мамлекеттерге тынчтык жана коопсуздук чакырыгын жасоону сунуштайбыз. Ал ар бир диндин практикасына ылайык фетва жана башка кайрылуу формасында болушу мүмкүн», - деди Назарбаев.

Съезддин алкагында диндер аралык диалогдун өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн айрым диний лидерлерге мамлекеттик сыйлыктар тапшырылды.

Дин жана глобализация, диний лидерлер жана сайсий ишмерлер, терроризм жана экстремизм темалары талкууланган съездке 46 мамлекеттен 80ден ашуун делегация катышууда.

Съезд ишин эртен жыйынтыктайт. 

Алия Самидин
Фото Алия Самидин

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх