Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кытайларга визасыз кирүүгө уруксат бергиси келген Мавлянова эл өкүлдөрүнө даттанды

Жогрку Кеңештин депутаты Махабат Мавлянова анын сунушун тескери кабыл алган коомчулукка таарынып кесиптештерине арызданды

Анын айтымында күн тартибиндеги түрдүү маселелер бөлүгүндө кытайдан келген туристтерди визасыз киргизүү боюнча бир жума мурун айткан сунушун коомчулук терс кабыл алып, социалдык тармактарда аны басмырлап келекелеген маалыматтар таратылып жатканын айтып үшкүрдү.

Депутат айым «Cоциалдык тармактарда отуруп шылдың кылган жарандарга каршы чара көрүүнү башташ керек», - деди. Коомчулуктун каарына калган депутат айтканынан кайтпасын билдирип, Кытай менен болгон мамиледе виза маселесин  баарибир карап чыгыш керектигин айтты.

Мавлянова Кытайлыктарды визасыз киргизген 20 дан ашык өлкөлөр жөнүндөгү тасманы да көрсөттү. Анын айтымында кытайлыктар Россия Федерациясы менен Белорусияга визасы жок эле кирип-чыгып жүрүшөт.

«Кытайлыктар каражатынын баарын саякатка жумшашат. Ал акчалар Кыргызстанга келсе жаманбы?»-деп сурады депутат.

Акылай Рахматулла
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх