Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Ал эң төмөндөн баштады». Эки жыл аралыгында Кыргызстандын элчиси Казакстанда алгачкы жолу пайда болду

Эксперттер коңшу республика менен мамиленин оңолуп кетиши тууралуу кеп кылышат

Жээнбек Кулубаевди Кыргызстандын Казакстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси кылып дайындашты. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын аппаратынын саясий маалымат бөлүмү билдирет.

«Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси кылып Кулубаев Жээнбек Молдокановичти дайындашты», - деп айтылат билдирүүдө. 

Мурдагы элчи Марс Сариев бул Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы мамиленин оңолуп баратышынан кабар берет дейт ал. Ал Vesti.kg сайтына айтып бергендей, бул иште Сооронбай Жээнбековдун эмгеги зор.

- Айтмакчы, Нурсултан Назарбаев чегаранын казакстан тараптан жабылып калышы жаңылыштык болгон деп айтты, - деп белгилейт эксперт. - Эки тараптуу мамиленин жакшырып келе жаткандыгы байкалат.

Сариев Жээнбек Кулубаевди бай тажрыйбасы бар жакшы адис деп эсептейт.

- Ал ишин тышкы иштер министрлигинин эң төмөн жагынан баштаган, - деп эскерет ал. Кыргыз Республикасынын Кытайдагы элчиси болуп иштеген, Африка жана Азия Департаментин башкарган. Өтө көп тажрыйбага ээ.

Саясат таануучу Дмитрий Орлов Vesti.kg сайты менен болгон маегинде элчинин жоктугунан эң биринчи карапайым калк жабыркайт деди.

- Элчии чакыртып алуу- бул жаман нерсе. Элчини дайындоо - бул дайыма жакшы нерсе. - Мамиленин жакшырышынын жышааны, - деди ал. - Элчинин милдети -  чет мамлекетте туруп өз өлкөсүнүн кызыкчылыгын коргоо болуп саналат. Тилекке каршы бул нерсени көптөрү түшүнө беришпейт. кесипкой элчинин болушу Кыргызстан үчүн да , Казакстан үчүн да жакшы белги.

Жээнбек Кулубаев 1963-жылы 5-апрелде ысык-Көлдүн Чырпыкты айылында туулган. Москвадан аскердик институтту бүтүргөн, КЭР ТИМ Элчилик институтун бүтүргөн.

1992-1998 жылдары КР ТИМ элчилик кызматында иштеген.

1998-2000 жылдары Кыргызстандын кытай Эл Республикасындагы элчисинин кеңешчиси болгон. 2001-2003 жылдары КР ТИМ башкармасынын начальниги болуп иштеген.

2003-2004 жылдары тышкы иштер министринин орун басары болуп иштеген. 2004-2006 жылдары болсо Пекинде ШКУ катчылыгында аткаруучу орун басар болуп иштеген.

2006-2007 жылы КР ТИМ эл аралык экономикалык кыфзматташтык департаментинин директору болгон.

2007-2009 жылдары Малайзиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчи болгон, 2009-2013 жылдары Кытайда.

2013-жылдан бери КР ТИМ Африка жана Азия Департаментин башкарып келе жаткан.

Кыргыз, орус, англис жана кытай тилдерин билет.

Эске салсак, 2018-жылдын мартында Назарбаев Казакстандын Кыргызстандагы элчиси кылып Карим Көкрекбаевди дайындаган.

Ольга Федорчук
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх