Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ИИМ башчысы уулун өзүнүн досуна, Октябрь РИИБ начальнигине орун басар кылдыбы?

Бишкек ШИИБ Азиз Бекназаровдун «байланышы» тууралуу маалыматты четке какты

Бишкек ШИИБ кылмыш милициясын жаңы начальник башкарат. Борбор шаардын Башкы ички иштер башкармасы билдиргендей Улан Айтбаев бул кызматка келди.

Мурда ал Октябрь РИИБ ыкчам иштер боюнча начальниктин орун басары болчу.

Ал ортодо, өздүк маалыматтарга карганда, Айтбаевдин ордун Азиз Бекназаров ээледи. Анткени бул Октябрь РИИБ начальниги Уланбек Султановдун өкүл баласы болот. Андан сырткары жаңы келген «өкүл бала», орун басардын атасы ИИМ башчысы кашкар Жунушалиевдин досу.

Ошону менен бирге эле өздүк булактар Улан айтбаевдин чындап эле кесипкөй экендигин айтышат. Бирок Азиз бекназаровдугн карьералык өсүшү кесиптештеринин арасында бир аз таңкалууну жаратты. Милиционерлер бул жерде "байланыштын" күчү бар экендигинен шек санашпайт.

Vesti.kg сайты Бишкек ШИИБге комментарий үчүн кайрылганда жогорудагы маалыматтын баарын четке кагышты. Мекеменин маалымат катчысы Мира Абдылдаеванын сөзү боюнча, Азиз Бекназаров менен Уланбек Султановдун ортосунда туугандык байланыштын болушу мүмкүн эмес.

- Бекназаров үйлөнө элек, ошондуктан анын өкүл атасы болушу мүмкүн эмес, - деп түшүндүрдү ал.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх