Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Социалдык өнүктүрүү Министрлигиндеги мыйзамсыздык - өлкөдөгү жалпы кырдаалдын күзгүсү»

Саясат таануучу мекемедеги анын жетекчиси аралашкан жаңжалды батыраак унутууга аракет кылып жатышат деп эсептейт

Социалдык өнүгүү жана эмгек министринин орун басары Зууракан Каденованын мас болгондугу сыяктуу эле, мекеменин башчысы Таалайгүл Исакунованын саякаты тууралуу маалыматтар да кокусунан эле ачыла калган жок. Мындай деген пикирин Vesti.kg сайтына тарых илимдеринин кандидаты, саясат таануучу Павел Дятленко бөлүшөт.

- Мурда мындай окуялар коомчулук үчүн жетишкендик болчу, - деп эскерет ал. - Мунун баарын азыр батыраак унутууга далалат кылып жатышат.
Саясат таануучу бул көрүнүш өлкөдөгү кырдаалды ачыктап салды дейт. Эгемендүүлүк алгандан бери саясий тап коомчулуктун жашоосунан башка өздөрүнчө жашап келе жатышат.

- Мындай мамиле коомдун катмарына мүнөздүү нерсе, бул азыркы замандын өнүгүүсүн билдирбейт, - деп түшүндүрөт.

Эске салабыз, мурдараак Vesti.kg МА Башпрокуратуранын эмгек жана социалдык өнүктүрүү Министрлигиндеги чет өлкөгө жасалган командировкалардагы бир катар мыйзам бузууларды тапкандыгын жазган эле.

Министр Таалайгүл Исакунова премьер-министрдин уруксатысыз элчилик паспортту колдонуу менен АКШ, Аргентина жана Санкт-Петербург шаарларына 2017-жылы ноябрь айында саякат жасаган.

Мурдагы министрдин орун басары Зууракан Каденова болсо, кызматтык документ менен 2017-жылы апрелде Тегеранда болгон, андан соң 2018-жылы сентябрь айында эмгек өргүүсүнүн убагында Сеулга эс алууга барган.

Саясат таануучу Марс Сариев Vesti.kg сайты менен болгон маегинде башка министрликтер деле социалдык өнүктүрүү министрдигинен эч нерсеси менен айырмаланбашын айтты. Бул жаңжалдын ачыкка чыгышы коомчулукта технологиялык мүнөзгө ээ болуп кетиши ыктымалдуулугун айтат.

- Чамасы элдердин көңүл борборун атайылап эле ар жакка буруп адаштырып жатышат, - деп боолголойт ал. - Бизде дайыма тымызын саясий процесстер жүрүп отуруп, анын арты менен кандайдыр бир коррупциялык кадамдарга барышат.

Ольга Федорчук
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх