Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Элчилик академиясынын мурдагы проректору ТИМ башчылыгына үч талапкерди көрүп турат

Анын ою боюнча, Эрлан Абдылдаевге кызматтан кетүү аздык кылат, ага кылмыш иши козголушу күтүлүүдө

Эрлан Абдылдаевдин кызматтан кетишине себеп коопсуздук Кеңешинин Катчылыгынын жыйынтыгы болду. ТИМда бир катар эреже бузуулар болгон. Мындай деген оюн Vesti.kg сайтына Элчилик академиясынын мурдагы проректору, юридика илимдеринин доктору Кайрат осмоналиев билдирди.

- Эрлан Абдылдаев мурунку бийликтин күүсү менен келип колго түштү, - дейт ал. - Ойлоп көрсөк, Сапар Исаковдун кол астында болгон бардык министрлер кабинетинин мүчөлөрү түшкөн жок, же кийин суурулуп чыгып кетишти. Саясий көз караш менен алганда президент Абдылдаевди отставкага кетирип туура кылды. ММКдагы чыгарылыштарга караганда Эрлан Абдылдаевди бир гана иштен бошотуу эмес, алтургай кылмыш ишин козгосо да боло турган мыйзам бузуулар болгон.

Кайрат Медербекович тышкы мамилелер мекемесиндеги мыйзам бузууларды элге шардана кылуу- бул жакшы нерсе деп белгилеп кетти.
- Бул ТИМнин тарыхында биринчи жолу болду, - деп белгиледи ал. - Мурда алар кол тийгис болушчу. Жакында коомчулук бул министрликте эмнелер болгонун ачык билишет.

Осмоналиев тышкы саясат мекемесинин башчылыгына үч адам талапкерликке ат салышат дейт.

- Бул мурдагы Армениядагы элчи Болот Отунбаев, мурдагы тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов жана жакында эле президенттин аппаратынын жетекчисинин орун басары болг7он Болот Жунусов, - деп эсептеди ал.

Эске салсак, өткөн жумада тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев отставкага кетти. Мурда Сооронбай Жээнбековдун тапшырмасы менен коопсуздук Кеңешинин катчылыгы Кыргызстандын Кореядагы элчиси Кылычбек Султандын билдирүүсүн изилдеп чыгып, КР ТИМ башчысы отставкага кетүүгө аргасыз болду.

Текшерүүнүн жыйынтыгы 2018-жылы 10 - октябрда президенттин кароосуна коюлган.
ТИМ деги мыйзам бузуучулук алдын ала текшерүүлөрдүн маалыматына ылайык мекемедеги кадр саясатынын жоктугу жана сыр сактоо эрежесинин бузулгандыгы белгилүү болду.

Вероника Малышева
Сүрөт www


Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх