Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ИИМдин башчысынын мурдагы орун басары: Укук коргоо органдарынын жакшы иштери тууралуу сөз - бул болбогон кеп!

Күч структураларындагы башаламандык Кыргызстанда мыйзамдын күч алышына алып келеби?

Бюрократия жана кадрлардын жетишсиздиги - Кыргызстандын укук коргоо органдарындагы башкы көйгөй. Мынадй деген оюн Vesti.kg  сайтына экс-депутат, ИИМ ГУУР мурдагы начальниги Туратбек Мадылбеков билдирди.

- Коррупция укук коргоо органдарында дайыма гүлдөп келген. 2010-жылдан баштап атайын кызмат жана көзөмөл органы жыйынтыкка иштеп калды, - деп түшүндүрөт ал. Бирок бир аз жылыштар байкала баштады. Мен бул системада 30 жылдан ашуун убакыт иштеп жүрүп, ИИМ, УКМК жана прокуратуранын ишине эч качан ичим чыккан эмес. Кесипкөйлүк барган сайын жоголуп барат. Элдер дайыма адилеттүүлүктү талап кылышат, улам жогорку инстанцияга кайрылышат. Ошентип көп убакыт өтүп кетет.

Туратбек Мадылбекович көбүнчө жарандарын маселелерин чечүүгө милиция жардам берет деп белгилейт.

- Мен аларга айтам: «Силерде уят деген барбы? Качан мыйзам менен иштейсиңер?», - дейт ал. - Мага болсо материалдар көп, иш созулуп жатат дешет да, ишти шашылып сотко өткөрүп жиберишет. Соттор деле бул ишке берилип иштешпейт, төрт баракты окуп туруп, чечим чыгарып салышат.  Ал жердеги фактылар мүмкүн калп эле ойдон чыгарылган болушу да мүмкүн экендигин такыр эле эске алышпайт. Эч ким текшербейт.

Өз кезегинде ИИМдин башчысынын мурдагы орун басары, милициянын эс алуудагы генерал-майору  Өмүрбек Субаналиев бүгүнкү күндө укук коргоо органдары колу, буту тушалуу бойдон иштеп жатат дейт.
- Алтургай кылмыш иликтөөнүн юбилейин да докладда көрсөтүшкөн жок, бул деген азыркы кызматкерлердин «мыйзамдагы ууруларга» жана көмүскө экономикага жол бергендиктери, - дейт ал Vesti.kg сайтына. - Статистика боюнча Кыргызстанда көмүскө экономика деңгээли бийик, бирок аны кылмыш чөйрөсү көзөмөлдөйт. Укук коргоо органдары жакшы иштеп атат деген сөз - болбогон кеп. Бардыгы саясий жетекчиликтин пайдасына карап чечилет. Мыйзамдуулук тууралуу жана анын орношуна үмүт да жок.

Өмүрбек Исакович коррупция менен күрө кагаз жүзүндө гана калгандыгын кошумчалады.
- Күч органында башаламандык, - дейт ал. Азыркыдай кылмыш иликтөө кызматында бош орун болгон эмес. Жаштар ал жакта иштегилери келбейт, анткени кылмышкерлер менен күршүүгө аларга мүмкүнчүлүк берилбейт.
 
Түшүндүрө кетели , укук коргоочу жана юрист Нурбек Токтакунов укук коргоо органдарындагы жагымсыз кырдаалдарга карабастан Кыргызстан бир нече жылдан кийин мыйзамдуулукка өтөт деп болжолдойт. Ал мындай оюн социалдык тармактардагы баракчасына жазган.

«Акыркы убакта ИИМдин короосунда эки атышуу жана мушташ болду. Бул жакында бардык укук коргоо органдарына жана саясий системада ушундай кырдаал болот деген белги. Биздин өлкөбүз кудай жалгап кичинекей, ошондуктан менттер, чекисттер, прокурорлор жана соттор өзүм билемдик кылганы менен, кандайдыр бир деңгээлде калган калктын катмары менен байланыштары бар. бирөө менен жердеш, дагы бири менен тууган жана башка. »

Өзүм билемдик кылган адамдар көбүнчө жактоочуга кайрылбайт, алар элден мурун тууганчылык издешет. Маселени тууганчылыктын жолу менен чечкенге аракет жасашат. Мурда жеке кызыкчылыктардын кагылышы системанын ичинде бар болчу, анткени баарынын башын бириктирип турган коррупциялык бийликтин иерархиясы бар болчу. Азыр андай иерархия жок.

2010-жылдан кийин бирдиктүү коррупциялык бийликтин иерархиясы кулады. Ар кандай саясий күчтөр көзөмөл кылган коррупциялык бөлүкчөлөр гана калды. Кооруупция чөйрөсүндө да башаламандык жана жоопкерчиликсиз кыймыл башталды. Мурда прокурор пара алса өлө тала айткан сөзүнө туруп, убадасын аткарчу. Ал эми 2010-жылдан кийин параны алат да, болбой калды деп колун жайып коёт. Болбой калганы болсо, жогору жактагылар кийлигишип койду дегени.

Бул кырдаал бийликтегилердин кыжырын келтирет, алар бирдиктүү коррупциялык бийликтин иерархиясын түзүүнү самашат. Ошондо гана алар өздөрү каалаган жыйынтыкка ээ болушмак. Азыр болсо канча бөлүшсөң деле ишенич жок. Азыр системада көп чиновниктер бар, алардын көбү убадаларын аткара албагандардан акчаларын ала албай чачтары агарып жүрүшөт.  Канткен күндө да мурункудай коррупциялык бийликтин иерархиясын калыбына келтирүүгө мүмкүн эмес. Анткени саясий процесстердин борборго умтулуусун токтотууга мүмкүн эмес.

Аыркы башкаруучу топ мындай башаламандык менен мыйзамсыздыкты токтотуунун ордуна аларды өз бийлигин чыңдоого пайдаланып жатышат. Ушундай жол менен мыйзамсыздык кулач жайып жатат, бул болсо системанын кыйрашына алып келет. Тергөөчүлөр, ыкчам кызматкерлер, чиновниктер жана саясатчылар бири бири менен бийлик талашууда кагылышып калууда.
Окуялардын өөрчүү процесстерине карабастан бул нерсе саясий процесстердин бийликке умтулуусун күчөтөт жана президенттин абалын алсыздантат. 2020-жылы биз атаандаш парламентке ээ болобуз жана ошол учурдан баштап өлкөдө мыйзамдуулук өнүгө баштайт. (орфография и пунктуация сакталды).

Вероника Малышева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх