Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Лунара Мамытова: Министр мага 5 ай текшерүү жүргүзүүгө уруксат берген жок

Мурдагы чиновник аял эч нерсеге өкүнбөйт. Ал эмне үчүн «оңтойсуз» болуп калгандыгын айтып берди

Социалдык өнүктүрүү жана эмгек Министрлигинде коррупция гүлдөп жатса да ал тууралуу эч кимдин айткысы келбейт. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына ошол мекеменин башчысынын мурдагы орун басары Лунара Мамытова айтып берди.

- Мен министрликке келген убакта мыйзамдын алкагында иштегим келген, - деп белгиледи ал. - Башында эле мындагы мыйзам бузуулар белгилүү болду, бул жерден акчанын чоң агымы кетип жатпайбы. Жөлөк пулду төлөө анализин чыгарган соң мен жетекчиликтен жаман көрсөткүчү бар аймактарга барып текшерүүнү сурандым. Минситр мага көпкө чейин уруксат бербей акыры 5 ай өткөн соң, ошол аймактардын бирине гана текшерүүгө макулдугун берди. Комиссия ал райондо 1,5 ай иштеп атып, 5 миллион сом жетишпеген сумманы таап чыкты.

Лунара Улукбековна текшерүү убагында ага ошол жердин жашоочулары келип, жөлөк пулду пара бермейинче ала албастыгын билдиришкен.

- Мага кудум ушинтип айтышты, адегенде акча беришиң керек, анан сага жөлөк пул чегеришет дешти, бирок арыз жазууну эч кимиси каалаган жок, - дейт ал. - Ошондо бул кылмыштуу макулдашуу болуп калат. элдер өздөрү акча сунушташкан, ал эми министрликтин кызматкерлери аны алган. мен министрликтин баары эле паракор дегенден алысмын, бирок мындайлар өтө көп. Текшерүүдөн кийин келтирилген зыяндын суммасы уктурулду жана тийешелүү кызматкерлерди жоопкерчиликке тартууну сунуштадым. Ошондо мага кээ бир кесиптештерим келип, акырын жүр дешти. Мен буга аябай таң калдым. Бардык материалдар тергөө органына өткөрүлүп берилген жана ушул күнгө чейин кызматкерлер жөлөк пул таркатып иштеп жатышат.

Мамытова жөлөк пулдан башка да микрокредит берүү агенттиги коррупциядан жабыркайт деп ой бөлүшөт.

- Социалдык өнүктүрүү Министрлигинде микрокредиттик агенттик бар экендигин баары эле биле бербесе керек. Ал агенттиктен жарандар кредиттерди жеңилдетилген өңүттө алышат, - дейт ал. - Бул агенттиктин директорлору акчаларды өз керегине жумшап жиберишкендиктери аныкталды. Ошол убакта аларды жоюу тууралуу чечимди коопсуздук Кеңеши чыгарган. Ошол убакта мага бул микрокредиттик агенттиктердин ишин текшерүү үчүн түштүк аймагын беришти. Өзгөчө мыйзам бузуулар Ош, Баткен аймагында болду. Жетпеген суммалар 3-5 иллионго чейин болду. Кайда кеткени белгисиз. Мен бул жолу да алардын фамилияларын ачык айтып, жоопко тартууну сунуш кылдым. Ошондон кийин мени менен көбү учурашкысы да келбей калды.
Министрдин орун басарынын сөзү боюнча, анын мамилеси кыргызстандык балдарды чет өлкөлүктөрдүн бала кылып алуусу тууралуу болгон жаңжалдан кийин кесиптештери менен таптакыр бузулду.

- Мен бала кылып алуу тууралуу иликтегенге катышкым келген жок, анткени бул менин кесибим эмес болчу, - деп тактайт Мамытова. - Көптөгөн эреже бузуулар аныкталган соң, менин үстүмөн ушак жүргүзө башташты. Адегенде мен түшүнгөн жокмун. Чамасы, мен аларга жолтоо болуп жаттым окшойт. Болгон окуялар баарына, анын ичинде премьерге да жетти, бирок эч чара көргөн жок. Мени болсо чет өлкөгө саякат кылат деп айыпташты. Бирок чиновниктердин квалификациясын жогорулатуу үчүн келишимдер бар болчу. мен билимимди өркүндөтө албай калгандыгыма өкүнөм.

Лунара Мамытова өзүнө болгон негизсиз сындарды угуу ага жагымсыз болгондугун айтат.

- Аида Касымалиеванын билдирүүсүнөн кийин, мени аны менен байланышып, жоолугушуп, эмнеге анткендигин билгим келди, - дейт ал. - Биз бир күнү телепрограммадан жоолугуп калдык. Ал менин сөздөрүмдү уккусу келбеди жана кандайдыр бир дооматтарды коё баштады. Текшерүү болгон соң, менин элчиликтин паспортун колдонбогондугум ачык болду. Айыпсыздык жоромолу деген бар го. Бирок элдерди ал кызыктырбай калды. Андай болсо келгиле, бардык чиновниктерди, депутаттарды текшерели. Касымалиева да чет мамлекеттерге чыгат. Мен саясатка аралашып калганыма өкүнбөйм. Анын үстүнө, менин эми кайра иштегим келип баштады. Мезгилди артка кайтарган күндө деле мен кудум азыркыдай эле ишимди кайталамакмын. Коррупция менен күрөшмөкмүн. Ал эми журналистикага кайрылуу тууралуу ойлоно элекмин. Чынында, кээде туруп министрликтеги болгон нерселердин баарын жазып салгым келет. Бирок, азырынча, бир аз эс алып , үй бүөмө көңүл бурууну туура көрдүм.

Эске салсак,  Vesti.kg сайтын социалдык өнүктүрүү министринин башчысынын орун басары Лунара Мамытованын кызматтан өз арызы менен бошотулгандыгын жазып чыккан эле.

Вероника Малышева
Сүрөт www


 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх